www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эгер, мен министр болсом...

Эх, эгер мен министр болуп калсам, анда чыныгы улуттун уулу болуп берилүү менен “министр” деген атты сыйлап, өзүмө берилген бул даражаны улуу тутуп, артымдан жакшы сөз калгандай иштерди жасап берет элем. Минтип айтып жатканымдын бир себеби, “министр” болуу дагы кандай бактылуу жигиттин же айымдын багына жазылат. Бирок мен азыркы министрлердин жасаган иштерине, кыймыл аракеттерине, сүйлөгөн сөздөрүнө ичим чыкпай келет. Эмне үчүн министр болуп алып элдин ырыскысына кол салуу керек. Эмне үчүн мажирөө болуп берилген суроого так жана жеткиликтүү жооп бергенге жарабаш керек. Министр керек болсо улуттун жүзү, эл билерманы жана башка чоң жүк мойнунда илинип турат.

 Ал турсун министрдин атасы менен энеси эле эмес ал төрөлгөн аймактын эли бүт биздин “бала же кыз министр” деп сыймыктанып жатса, эмнеге коррупцияга малынып, терс  сапатты көрсөткөнгө жол бериш керек?

Эх “колдо бар алтындын баркы жок” дегендей, кээ бир министрлер акылдын күчү менен эмес, акчанын күчү менен бийик секиге жетип алышып, “министр” деген наамды дагы булгап жатышканы бул абдан чоң чекилик иш болуп калганын жашырганга негиз жок. Эмне үчүн министр болуп алып, сот жообуна тартылып, “ооруп жатам” деген шылтоону бетке кармап үйдө жашынып жатып алыш керек. Эмнеге өкмөт тарабынан берилген ишенимди аткара албай, шалаакылык кылышат. Жакында басылма бетинен шалаакалык менен же иш учурунан кыянаттык менен пайдаланып акча жеп иштен алынган деген сөздү окуп алып, ушунчалык ардандым. Ооба, байлыкка, аялга азгырылбаган жан жок, бирок ошондо дагы андай ишти дыкат жасап, билинбегенге аракет кылыш керек эле да. Илгери “министр” деген сүрдүү анан кадырлуу эле го? Ал эми азыр бир карын майды, бир кумалак чиритпей эле, көп эле кумалактар чиритип калды.  Анткени министр болуп алышып түбү ачка адамдай, эмнеге эле көр дүнүйөнүн түбүнө жетчүдөй байлык кубалап, болбогон акчага сатылып жатышат.

Эгер мен министр болсом, керек болсо өкмөт берген айлыкка каниет кылып, жан үрөп иштеп берип, артымдан жакшы сөз калгандай иштерди жасайт элем, акчаны оңду-солду чачпай. Бир курдай газетадан “Аскарбек Шадиев сот жообуна тартылган, шалаакылык менен иштен айдалган” деген сөздү окуп алып, ал кайра министр болуп алганына оозум ачылып таң калгандан оозумду жаба электе, курган жем кор Кыргызстанды таштай качты.

Эгер мени шалаакылык менен иштен айдаса, кайра бул тармакка келмек эмесмин. Анткени бир жолу булганып алгандан кийин, кайра дагы булгангым келбейт болучу.  Керек болсо бийлик секисиндегилер бир гана акчанын күчү менен келип иштеп жаткандарын, балтыр эти толо элек балдар дагы билишет. Эгер алар акылдын күчү менен ишке келишкен болсо анда иш алдыга жылып, кичинекей өлкөбүз эчак өсөт эле го? Куудулдар деле айтып жатышпайбы “азыркы чоңдор бирден-экиден “хотька” жасап келишкен” деп. Ушул сөздү угуп, министр болуунун өзү уят экенин билиш керек. Бул жалганда кандай адам жакшы адам дегенде “бетинде кызылы бар, жүзү кызарган адам” деп айтылыптыр. Анткени уяты бар кишинин гана уялгандан жүзү кызарат. Ал эми уяты жоктор кумсарып, сөз көтөрє алышпайт. Эх, эгер бир мүмкүнчүлүк болуп министр болуп калсам, министр кандай болуш керек экенин азыркы министрлерге көрсөтөт элем. “Кандай адам бактылуу?” дегенде албетте элге жарыгы тийген адам бактылуу деп айтылыптыр. Ал эми элдин ырыскысын чөөдөй талап-жеген адамдар кантип бактылуу болсун. Азыраак ынсап-ыйман болгондо, мынчалык “министр” деген ат булганбайт болучу. Эгер катуу кетсем кечирип койгула, болгону министрлердин намысын козгоюн деген гана ой менен бул макаланы жаздым.

Бердикожо Бийназаров

Булак: NazarNews.kg

Последние новости