www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Аз убакыт илгери эки кыздын мушташканы интернетке чыгып кетип көпчүлүктү капа кылган эле. Эми минтип бийлик адамдарынын мушташы төбө чачты тик тургузуп, айла жок жерге түкүргөнгө түрткү берип турган кез.
“Адамдын ким экенин билгиң келсе, ага ичкилик берип сына” дегендей, ачкыл сууга катуу тоюп алып, өздөрүн кыйын сезген прокурорлор, МАИ кызматкерлерине кол көтөрө коюбуз деп, өздөрүнүн адамдык сапаттарына доо кетирип, кандай адам экенин билгизип алышты. “Адам болуш аста-аста, айбан болуш бир паста” демечи, поркурорлор көп жыл топтогон абройлоруна көө сүйкөп алышып, убактылуу иштен четтеп турган кездери.
“Байлык деген деңиз суусундай, ичкен сайын суусунуң канбайт”деп айтылгандай, акча менен мансапка мас болуп, өзүн кыйын сезгендерди бир гана убакыт ордуна коюп коёру турган иш. Ансыңары эми чоң муштум аталган булар кандай жаза алып тынат, аны азырынча убакыт таразасына коё туралы.
Балким карга, карганын көзүн чукубайт болуп, жымсалдаган иш менен кайра иштерин уланта беришет чыгар.
Булак: NazarNews.kg