www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы депутат, Атамбаевдин тушунда Энергетика министрлигин жетектеп турган Аскарбек Шадиевге жана анын жакындарына таандык деген, соттун чечими менен мамлекетке чегерилүүчү мүлктүн тизмесин жарыялады. Ага ылайык, мүлктүн жалпы суммасы 1 852 236 99 сомду түзгөн. Бул мүлктөрдүн жалпы тизмесин сунуш кылабыз:

1. “Карвен четыре сезона”, уставдык капиталы 33,33%;
2. “Аква Инвест Плюс”, уставдык капиталы 50%;
3. “Карвен Групп”, уставдык капиталы 50%;
4. Аламүдүн районуна караштуу Орто-Сай айылындагы “Ала-Арча” комплексиндеги жеке турак жай (№14),
5. Аламүдүн районуна караштуу Орто-Сай айылындагы “Ала-Арча” комплексиндеги жеке турак жай (№19),
6. Бишкек шаарындагы кеңсе, Манас проспекти 11/1;
7. “Тойота Лэндкрузер 150” автомашинасы;
8. Шадиевге тишелүү 5954 доллар өлчөмүндөгү акча каражаты;
9. 57 069 доллар акча каражаты (3 880 692 сом) жана 290 миң сом;
10. Асель Шадиевага тиешелүү (Шадиевдин аялы) коммерциялык банктардагы 535,99 сом;
11. “Трейд Инвест” (“Ала-Арча” соода-оюн-зоок борбору), уставдык капиталы 100%;
12. “Ларель”, уставдык капиталы 50%.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештин экс-депутаты Аскарбек Шадиевди 10 жылга күчөтүлгөн тартиптеги колонияда эркинен ажыратуу жана мүлкүн мамлекетке чегерүү жөнүндө өкүм чыгарган.

Шадиевге Башкы прокуратура алгач "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Буга КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллардын уурдалганы себеп болгон. Андан соң Шадиев качып кеткени, АКШда жүргөнү кабарланып, Кылмыш-жаза кодексинин "Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү" беренесинде каралган белгилер боюнча иш козголгон.

10 жылдык өкүм жогорудагы эки айып боюнча чыкты.

Мындан тышкары, ага "Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу же адалдоо" беренеси боюнча да айып коюлган. ​

Шадиевге издөө жарыяланган.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 2-ноябрда Шадиевди депутаттык мандаттан ажыраткан. Буга парламенттеги "Бир Бол" фракциясы жазган арыз негиз болгонун БШКнын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов 5-ноябрдагы брифингде билдирип, Шадиевдин фракцияга жазган арызынын нускасын көрсөткөн. Ага Шадиевдин колу коюлган. Шадиев болсо өзү кийин билдирүү таратып, өз каалоосу менен арыз жазганын четке каккан.

Булак: Азаттык

Последние новости