www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 28-ноябрдагы парламенттин “Ар түрдүү маселелер” жыйынынын башталышы канча мүнөттөн сүйлөйбүз деген талкуу менен башталды. Жалпысынан ар бир депутат 3 мүнөттөн сүйлөө сунушу түшүп, ал көпчүлүк добуш менен колдоо таап кетти.
Анткен менен, бул убакытта көпчүлүк эл өкүлдөрүнө сөз жетпей калаарын жана регламент тууралуу мыйзамды одоно бузууга барарын эскерткендер дагы болду.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин регламенти боюнча ар бир каралган маселеде, ар бир депутат 2 минутадан сүйлөө каралса, фракция жетекчилеринде 10 минутадан сүйлөө укугу бар.
Мындан улам, чынында эле депутаттардын санын азайтуу керекпи деген пикир жаралбай койбойт. Балким 120 депутаттын санын 60 депутатка түшүрсө ар бир депутат айта тургандарын кенен түшүндүрүп алмак. Анын үстүнө саны бар, сапаты жок “балык” эл өкүлдөрү деле бар эмеспи. Андан дагы парламентарийлердин бир дагы жыйынга толук жыйылганын көрө элекпиз.
Булак: NazarNews.kg