www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Костанай облусундагы абактын жетечилиги абактагылардын тартип бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу казак маалымат булактары жазып чыкты. 

Маалыматка ылайык, Жаза аткаруу системасы департаментинин беш аткаминери жоопкерчиликке тартылды. Ошондой эле,  колониянын башчысы кызматынан айдалды. 

Мындан сырткары,  “кызматынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча иш козголуп, материалдар аталган облустук прокуратурага  жиберилди. 

Эске салсак, беш бармак, шарап жана телевизор. Ушундай “укмуштуудай” шарттарда Казакстандын мурунку чиновниктери Костанай түрмөсүндө жазаларын өтөшөт деген видео тараган. Аталаган видеону жашыруун тартып, автор  Казакстандын Костанай шаарындагы 161/2 колониясында тартылганын айткан. 

Кадрларда төрт адам жакшы шарттарда жазасын өтөп жатканын көрсө болот. Камерада отургандардын алдында бай дасторкон жайылып, терезесинде парда илинип, телевизор иштеп жатат. Кийин бул камерада Казакстандын мурунку чиновниги Муслим Ундаганов отурганы белгилүү болгон. Ал мамлекеттен 200 миллион тенге уурдаган деп айыпталып 12 жылга эркинен ажыратылган. 

Автор "бул көрүнүш менен гана бүтүп калбайт. Түрмөнүн администрациясы кылмыштуу топтордун лидерлерине пайда келтире турган нерселер менен камсыздап турушат жана алардын режим бузгандарына көз жумуп коюшат”, -деп жазып чыккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости