www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Республика» партиясы келе жаткан 2020-жылы өтүүчү парламенттик шайлоого учурдагы тандемдеши «Ата-Журт» партиясы жок өзү барат. Бул тууралуу «Республика - Ата-Журт» фракциясынын маалыматына таянып 24.kg жазды.
Андагы маалыматта айтылгандай, “республикачылар” өздөрүнүн съездин ушул жылдын этегине чейин өткөрүшмөк, бирок кандайдыр бир себептерден улам бул план өзгөрүп, учурда съезд качан өтөөрүн тактап жатышыптыр.
Ал эми саясаттан биротоло кеттим деп жар салып келген партиянын лидери Өмүрбек Бабанов жетекчиликти башкаларга өткөрүп береби, жокпу, ал Бабановдун өзүнөн көз каранды. Эгерде ал жетекчиликтен кете турган болсо, лидерликти колго алам деп Руслан Казакбаев менен Мирлан Жээнчороев чамынып турушат.
Белгилей кетсек, «Республика — Ата-Журт» тандеми 2015-жылкы парламенттик шайлоонун алдында Өмүрбек Бабанов менен Камчыбек Ташиевдин ортосундагы сүйлөшүп-макулдашуулардын негизинде түзүлгөн. Бирок, кийин, тагыраагы, шайлоо бүткөн соң Бабанов өтө куулук менен “атажуртчулардын” жоон тобун Жогорку Кеңештен “чаап” салган. Мындан улам 2017-жылдагы президенттик шайлоо алдында аталган тандемден биринчи болуп “Ата-Журт” партиясы чыкканын жарыялаган. Ал эми партиянын учурдагы теңтөрагасы Акматбек Келдибеков ушул жылдын октябрь айынын башында эле алдыдагы парламенттик шайлоого “Республикасы” жок өздөрүнчө бараарын жарыялаган болчу. Албетте, жалгыз калган “Республика” эми мындай кадамга барууга аргасыз, нары бул партияга кошулууга башкалар абдан чоочулаары бышык.
Булак: NazarNews.kg