www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстанда соттолгон мурунку депутат Дамирбек Асылбек уулу Молдовановка айылындагы түрмөгө которулду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 26-ноябрь күнү экс-депутат Дамирбек Асылбек уулу атайын комиссиянын чечими менен Молдовановка айылындагы №27 колониясына киргизилди. Ошондой эле, аны менен кошо соттолгон Уланбек Мурадилов менен Чыңгыз Абакиров Петровка айылындагы №8 колониясына жөнөтүлгөн.
Белгилей кетсек, казак тарап экс-депутат Дамирбек Асылбек уулун Кыргызстанда өткөрүп берген.
5-ноябрда Казакстандын Алматы шаарынын апелляциялык соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулунун доо арызын карап, аны канааттандырган эмес. Ал эми, аны менен кошо соттолгон Уланбек Мурадиловдун 10 жылдык жаза мөөнөтүн 8 жыл кылып кыскарткан.
Экс-депутатка «чек арадагы аткезчилик менен алектенген» жана «эл аралык уюшкан кылмыштуу топко катышы болгон» деген айып коюлуп, 12 жылга эркинен ажыратылган. Бирок Дамирбек Асылбек уулу күнөөсүн мойнуна алган эмес. Айыпталган кылмыш ишинин негизинде жалпысынан 12 киши соттолгон.
Эске салсак, 2018-жылдын 15-16-февралында Казакстанда маштабдуу атайын операция жүргүзүлүп, бажы кызматынын жана укук коргоонун чоң кызматкерлери, брокерлер, ортомчулар, кримдүйнөсүнүн өкүлдөрү жана үч Кыргызстандын жараны кармалган. Анын ичинде Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу да бар болчу. ММКлар депутат ОПГны өзү башкарган деп жазып чыгышкан.
Дамирбек Асылбек уулу 2015-жылы “Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган. Ал эми, Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы 16-апрелде депутаттык мандаттан ажыраткан.
Булак: NazarNews.kg