www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте жаңы эс алуу жайы курулат

Сүйүнүчтүү кабар! Эми борбор калаабызда 7,4 гектар аянтка жаңы эс алуучу жай курулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Ал эс алуу жайы Манас жана Боталиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашып, ал жерге 300дөн ашык бак отургузулаары күтүлүүдө. 

Жалпы аянты 7,4 гектарды түзгөн жайда спорттук комплекс, балдар үчүн аянтча, унаа токтотуучу жай, ачык талаа жана коомдук даараткана орнотулат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, эс алуу жайынын долбоорун бишкектиктер өздөрү коомдук талкууда алып чыгышкан.  Шаардыктар жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү курулуш боло турган жайга капсула салышты.

Паркты жасоо иштерин «Орус курулуш компаниясы» колго алып, ага 58 миллион бөлүнүп берилген. Бул эс алуу жайы 2020-жылдын жай айында колдонууга берилээри пландалууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости