www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акыркы эки-үч жылдын ичинде Бишкек шаарынын жолдору оңдолуп, айрым көчөлөр толук капитилдык ремонттон өтүп, айдоочулар үчүн ыңгалуу болуп калды. Жакшыны жакшы, болгонду болду деш керек.
Бирок, мунун бардыгы Бишкек мэриясынын кыйратып иштеп жаткандыгынын жыйынтыгы эмес, кытайдан келген гранттык акчалардын күчү менен ишке ашып жатат. Убагында кытайдан грант келбегенде эмне болот элек бир кудай билет. Ошондо дагы жолчулар толук чыгармачылыгын ишке салып, элди күлкүгө салган учурлар болуп кетип жатат. Жакында Волкова көчөсү капиталдык ремонттон өтүп анда жолчулар ачык кудукту жол бирге асфальттап салып бир күлдүк эле.
Эми Боталиев көчөсүндөгү жагдайга күлөөрүңдү же ыйларыңды билбейсиң. Анда эки жумадан бери кудук ачык калып, айдоочулар үчүн бир топ эле көйгөй жаратууда. Күндүз го мейли, түн ортосунда көрбөй унаа кирип кетсе эмне болот? Ким жооп берет? Мэрия ушул кудукка бир көңүл буруп койсо ашыктык болбойт эле...
Булак: NazarNews.kg