www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жергиликтүү кеңештерге шайланган депутаттардын талаштуу төш белгилери эки жылдан соң бериле баштады. Борбордук шайлоо комиссиясы 18-декабрда билдиргендей, төш белгилер 10000 нускада даярдалган. Жалпы баасы 740 000 сом.

Борбордук шайлоо комиссия 2016-жылы 21-ноябрда жергиликтүү кеңештерге шайлоонун алдында төш белгилер боюнча тендер жарыялаган. Жалпысынан тогуз миң төш белги менен тогуз миң күбөлүккө 6 миллион сомдон ашык акча коротулары айтылган. Сынакка 11 фирма катышкан. Анда ар бир төш белги үчүн 75 сомдон 450 сомго чейинки баа сунушталган.

Жыйынтыгында тендердик комиссия ар бир төш белги 380 сомдон айланган “Медальер” фирмасын утуучу деп тапкан. Бирок эң арзан бааны көрсөткөн Виталий Подстречный аттуу ишкер Мамлекеттик сатып алуу боюнча доо-арыздарды тиешелүү комиссияга кайрылган болчу.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов кайра жарыяланган тендерде Подстречный утуп, төш белгинин даанасын 74 сомдон жасап бергенин айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости