www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, ички иштер министри Кашкар Джунушалиев Баткен  облусуна иш сапары 
менен барды. Бул маалыматты ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди. Баткен облусундагы текшерүүсүн Кашкар Джунушалиев Кадамжай районунан баштап, коомдук коопсуздукту камсыздоо, укук бузууларды жана кылмыштуулукту алдын алуу боюнча уюштуруучулук иштерин текшерди. 
Текшерүү учурунда ИИМдин башчысы өзгөчө соттук-укуктук реформанын 
алкагында кабыл алынган жаңы кодекстер менен мыйзамдар боюнча аймактык 
ички иштер органдарынын даярдыгына көңүл бурду.
Министр, жаңы курулуп жаткан Кадамжай районунун ички иштер бөлүмүнүн 
административдик имараты менен таанышты. Мурда, Өзгөчө кырдаалдар 
министрлигинин корутундусунун негизинде, Баткен облусунун Кадамжай 
райондук ИИБдин административдик имараты колдонууга жараксыз деп 
табылганына байланыштуу жаңы административдик эки кабаттуу имарат куруу 
жөнүндө чечим кабыл алынган.
Бүгүнкү күндө курулуш иштери боюнча ИИМдин Курулуш монтаждоо 
башкармалыгы тараптан биринчи кабаты тургузулуп, 30% пайыздык жумуш 
иштери аткарылды. Аймактык бөлүмдө ыкчам чогулуш өткөрүү учурунда ИИМ 
башчысы Кыргыз Республикасынын ИИОда жүргүзүлүп жаткан иштери тууралуу 
маалымдады. Өздүк курам, кызматтык ишмердүүлүк,  техникалык жабдуулар, 
социалдык кепилдик тууралуу ички иштер министрине суроо узатып, берилген 
сууролорго толук маалыматтарды алып жатышты.
Андан соң, ички иштер министри Кызыл-Кыя ШИИБдин техникалык каржаттарын 
текшерүү менен бирге өздүк курам менен жолугуп, кызматкерлердин жаңы 
кодекстер менен мыйзамдарды билүү деңгээлин текшерди. Ошондой эле, 
Кызыл-Кыя шаарында “Динамо” кийим-тигүүчү фабрикасына барып, ал жерден 
формалык кийим тигүү жайынын  ишмердүүлүгүн текшерди.
Ички иштер министри Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын 
жетекчилиги менен ыкчам-кеңешме өткөрүп, аткарылган иштер жөнүндө 
башкармалыктан маалымат алды. Кылмыштарды жана жоруктарды бирдиктүү 
каттоону, андан сырткары Бузууларды бирдиктүү каттоону толук ишке 
киргизүү үчүн техникалык жабдылышы боюнча маселелерге өзгөчө көңүл 
бурду.
Кашкар Джунушалиев, жаңы күчүнө кирип жаткан кодекстер менен мыйзамдарга 
байланыштуу өздүк курамдын кызматтык даярдыгын текшерди.
Министр, ИИОнун баардык  бөлүмдөрүндө кылмыштарды жана жоруктарды 
бирдиктүү каттоону, андан сырткары Бузууларды бирдиктүү каттоону толук 
ишке киргизүү үчүн техникалык жабдылышы боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын 
баса белгилеп кетти.
2019-жылдын 1-январынан тартып соттук-укуктук реформанын алкагында кабыл 
алынган жаңы кодекстер жана мыйзамдар ишке ашырылганы жатат.
Жазык  процессуалдык кодексине киргизилген жаңы өзгөртүүлөр укук коргоо 
органдарынын кызматкерлеринин аң сезимин өзгөртөт.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости