www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экономист: «Эрдогандын Батышты сындаганы негиздүү»

Улуу Британияда чыгуучу The Economist журналынын «Батышты эки жүздүүлүк менен айыптоо» аттуу кабарында: «Президент Режеп Таййип Эрдогандын Газага байланыштуу Батышты сындагандары негиздүү бойдон калууда» делди.

Economist кабарында: «Эрдоган Израилге жана Батыштын эки жүздүүлүгүнө каршы Израилдин Газанын түндүгүн талкалоосуна каршы кыймылдарды жасап жатты. Израилдин бомбалоо кампаниясынын башталышынан бери Газада каза болгон 68 медиа кызматкерине токтолуп: «Күн сайын бир журналист өлтүрүлүп жатат. Бирок көп жылдардан бери басма сөз эркиндиги боюнча бизге насаат айтып келген мекемелердин бири да бир ооз сөз айтпайт»,-деп айткан сөздөрү эске салынды.

Президент Эрдогандын мусулман лидер катары дүйнөлүк саясатта алдыңкы орунга чыкканына көңүл бурган гезит: «Президент Эрдогандын Батыштын эки жүздүүлүгү боюнча айыптоолору бүткүл дүйнөнүн көңүлүн бурууда. Израилдин бомбалоосунда каза болгон жарандардын саны 20 миңден ашып кетти. Президент Эрдогандын Батышты айыптоосу, анын сындагандары негиздүү бойдон калууда»,-деп жазды.

Кабарда Түркиянын Газа маселесине карата сындоосу Батыш тарабынан корголгон баалуулуктардын риторикадан башка эч нерсе эмес экенин көрсөткөнүнө көңүл бурулду.

«Президент Эрдогандын сындап жатканы туура жана бул Батыш үчүн уят», - деп айтылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости