www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров инвесторлорду алдаганды токтотууга чакырды

Президент Садыр Жапаров ишкерлерди чет элдик инвесторлорду алдаганды токтотууга чакырды. Ал кайрылуусун өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазган.

Мамлекет башчы акыркы жылдары Кыргызстанга чет мамлекеттерден инвесторлор көп келе баштаганы кубандырчу көрүнүш экенин, бирок айрым инвесторлорду жеке ишкерлер алдап кеткен учурлар катталып жаткандыгын айткан.

Күч органдары андайларды камакка алып, инвестордун акчасын кайтарып бергени менен бул ашыкча түйшүк жаратып, өлкөнүн аброюн түшүрүп жатканын баса белгилеген.

"Кыргызда "бир карын майды бир кумалак чиритет" деп таамай айтылган сөз бар. Арабыздан анча-мынча тентектер чыгып жатат. Алдамчылык жарытпайт, туугандар. Токтоткула мындайды", — деп кайрылган ал.

Жапаров чет элдик инвесторлорго да кайрылып, мамлекеттик мекемелер, министрликтер менен иштешүү керектигине кеңеш берип, мамлекеттик кызматтагыларга да эскертүү берген.

"Инвесторлорго эскертүү: колуңардан келишинче мамлекеттик мекемелер менен, мисалы, Экономика жана коммерция министрлиги, Инвестиция тартуу боюнча агенттик, облус, район, айыл өкмөт башчылары аркылуу иштесеңиздер ишенимдүү болот эле. Ал эми, урматтуу жетекчилер, силер дагы инвесторлор менен тыгыз иштегиле. "Убактым жок. Эртең кел, бүрсүгүнү кел" деген сыяктуу бюрократиялар болбосун", — деген президент.

Өлкө башчы ар бир жетекчинин ишине алар башкарган аймакка келген инвестордун санына жана салынган инвестициянын көлөмүнө жараша баа берилерин кошумчалаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости