www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкек шаарындагы Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери менен жеринде кеңешме өткөрдү.

Министрликтен билдиришкендей, жыйындын жүрүшүндө Бишкек шаарында жугуштуу оорулардын, атап айтканда, сасык тумоо, курч респиратордук вирустук инфекциялар, вирустук гепатит, кызамык ооруларынын өсүшү тууралуу сөз болду.

Жыйындын жыйынтыгында 2024-жылдын 15-январынан баштап Саламаттык сактоо министрлигинин буйругуна ылайык медициналык ишмердүүлүк жүргүзүүгө лицензиясы жок жеке медициналык клиникаларды, борборлорду жана стоматологиялык кабинеттерди аныктоо боюнча рейддик текшерүүлөрдү кайра баштоо сунушталды. Ал эми жеке менчик бала бакчалар жана мектептерде санитардык-эпидемиологиялык ченемдери жана эмдөө карталарынын болушу текшерилет.

Ошондой эле коомдук тамактануу жайларында санитардык китептердин бар-жогу жана санитардык нормалардын сакталышы боюнча текшерүүлөр пландалууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости