www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Евронун негиздөөчүсү Жак Делор каза болду

Европа комиссиясынын мурдагы төрагасы, бирдиктүү европа валютасы - евронун негиздөөчүсү Жак Делор 99 жаш курагында Париждеги үйүндө көз жумду. Бул тууралуу France 24 агенттиги жазды.

Социалист Жак Делор Франциялда 1981-1984-жылдары - президент Франсуа Миттерандын тушунда финансы министри болуп иштеген. 1995-жылы сурамжылоодо атаандаштарынан кыйла артыкчылык алса да, президенттик шайлоого катышуудан баш тарткан. "Менде көз карандысыз болуу жөнүндө күчтүү каалоо бар эле, - деп айткан ал кийинчерээк, - Бирок мен буга эч качан өкүнбөйм, ошол эле учурда өзүмдүкү туура болгонун да ырастабайм".

Жак Делор Еврокомиссияны 1985-1995-жылдары башкарып турган. Бул он жылдык Европа биримдигине мүчө өлкөлөрдүн ички интеграциясы бекемделген мезгил болуп калды. Жалпы базар мейкиндиги түзүлүп, Шенген келишими түзүлгөн. Студенттердин "Эразмус" программасы кабыл алынып, Европанын бирдиктүү валютасы - евро бекитилген.

Европанын бардык эле лидерлери Делордун ички интеграцияны бекемдөө аракетин колдогон эмес. Өзгөчө британ премьер-министри Маргарет Тэтчер катуу каршы турган.

Делор Еврокомиссиянын башчылыгынан кеткенден кийин, европа федерализмин өнүктүрүү үчүн аналитикалык борборлорду түзгөн. Акыркы жылдары ал Европада популизмдин коркунучун бир нече жолу эскертип, Брекзиттин кесепеттерин "бекем туруп" кабыл алууга чакырган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости