www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 “Артистти аялым дебе, шопурду күйөм дебе”, –деген сөз бар. Артистти ректор да кылбаш керек экен. Кубанычбек Жумалиев Акаевдин өкмөтүн башкарып соргон акчаларына бизнес жасап, валюта алыш үчүн пакистандыктарды көптүрүп, Бишкекте медициналык университетти ачкан. Анан тааныштыкка салып анын ректорлугуна өзүнүн койнунда жаткан жубайы, аткаруучулугу менен элге таанылган Роза Аманованы коет. Роза Аманова сахнага обон созуп кетип, бул университетте бардак орноп калгандай. Анын үстүнө артист кантип медициналык университетке ректор болсун? Медициналык университетке медициналык илимдин доктору ректор болуш керек, жок дегенде медициналык илимдин кандидаты. Жумалиев аны уруп ойнобой медициналык билими жок артистти коюп койгон. Эл аралык медициналык университетин 2016-жылдан бери ырчы Роза Аманова жетектеп келет. Бул менчик жогорку окуу жай.

Бишкектеги Эл аралык медициналык университеттин студенттеринин ортосунда массалык мушташ болду. Чыр-чатак Пакистандан келген студенттер ортосунда болгон.

Ал эми милиция массалык мушташ болбогонун билдирүүдө, жөн гана талаш-тартыш жаралган. Милиция бөлүмүнө 30дан ашуун студент алынып келинип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Баары кое берилип, экөөсү Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. 

Буга Эл аралык медицина университетинин өкүлү уруш учурунда окуу жайдын мүлкү талкаланды деп арыз менен кайрылганы себеп болгон. Бул факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине бейбаштык беренеси боюнча катталып, сотко чейин териштирүү иштери башталган.

“Кылмышка шектүү делип Пакистандын жарандары 2000-жылы туулган К.М. жана 2000-жылы туулган М.М. Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген”,- дейт маалыматта. Бишкек ШИИББи сотко чейинки териштирүү иштеринин жыйынтыгын кийинчерээк маалымдаарын жана окуу жайдын жектечилигине юридикалык баа берилерин билдирди. Буга чейин окуу жайдын өкүлдөрү “эч кандай мушташ болгон эмес, жөн эле кыйкырышып, түртүшкөн. Эч ким жабыркаган жок”,- деп айтышкан. Ошондой эле, чыр-чатак жатаканада керебет талаштан улам чыккан деп кошумчалаган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости