www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн 9-сентябрда Жалал-Абад ОИИБнин имаратында бир катар эл аралык мелдештерден байгелүү орундарды багындырган кызматкерлер жана «Жаш инспекторлор» сыйланышты.

Ушул жылдын май айында «Жол кыймылынын жаш инспекторлору» аталышындагы кароо-сынактын финалдык бѳлүгү Бишкек шаарында өткөрүлүп, Жалал-Абад областынан барган Сузак районуна караштуу №78 З.Бакиров атындагы орто мектебинин «Жаш инспектор» командасы биринчиликти багындырган.

Алар ушул жылдын 17-августунан 25-августка чейинки аралыкта Казакстан Республикасынын Караганда шаарында болуп өткөн 19-Республикалык "Жол кыймылынын жаш инспектолору; слетунда байгелүү 3-орунду камсыз кылышкан.

Бул конкурска Белоруссия Республикасынын, Россия Федерациясынын, Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынан жалпысынан 16 команда катышкан. Жаш инспекторлорду эл аралык сынакка Жалал-Абад ОИИБи боюнча жол
кыймылынын коопсуздугун кѳзѳмѳлдѳѳ бѳлүмүнүн үгүт насаат иштери боюнча тескөөчүсү, милициянын лейтенанты Айбек Сатыбалдиев даярдаган.

Бүгүн Жалал-Абад ОИИБнин жетекчилиги тарабынан ийгиликке жетишкен жаш инспекторлорго куттуктоолор айтылып, атайын белектер тапшырылды.

Мындан сырткары волейбол боюнча V Борбордук аймактык Азия чемпионатында биринчи орунду ээлегендиги үчүн КРнын ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун 3-батальонунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын милиционери Медетбек Эргеш уулуна КРнын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агентигинин атынан “Ыраазычылык кат” жолдонду.

Ошондой эле КРнын ИИМдин Ички аскерлеринин түзүлгөн күнүнө арналган “Волейбол” боюнча колбашчынын кубогунда II орунду ээлегендиги үчүн “Шумкар” атайын багыттагы полку сыйланып, милициянын сержанты Б.Кадырбек уулу “Мыкты чабуулчу” наамына татыды.

Ал эми кызматтык милдеттерине карата жоопкерчиликтүү мамиле кылгандыгы, коомдук коопсуздукту сактоодо жана кылмыштуулук менен күрөшүүдө өздөрүнүн салымдарын кошкон бир катар кызматкерлерге ИИМдин “Азамат” медалы ыйгарылып, “Алкыш” жарыяланып, ИИМдин жана Жалал-Абад ОИИБнин ардак грамоталары тапшырылды, деп билдирди Жалал-Абад ОИИБнин басма сѳз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости