www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эй, кыргызымдын кыздары! Жигиттердин эң мыктысын арзуу кылбагыла. Тескерисинче, ушундай ыймандуу, тарбиялуу, адептуу болгула, ошол жигиттер силерди арзуу кылсын!

Жашоодо үч нерсе жаш тандабайт: Сүйүү, өлүм жана оору. Таш боор адамдан жылуулук күтпө. Анткени, ал өзү мээримге зар.

Эч кимге, эч качан дартыңды айтпа. Өзүңдүн жүрөгүңө батпаган кайгы, бирөөнүкүнө батмак беле?

Көчөлөрдө арзыбаган акчага денесин саткан аялдар эң жийиркеничтүү. Бирок, андан да жийиркеничтүү адамдар бар, алар ошол аялдарга кардар болгон эркектер.

Жашоо өлүмдөн сураптыр: "Неге баары мени жакшы көрөт дагы, сенден качат?” Өлүм жооп бериптир: "Анткени, сен таттуу жалгансың, мен болсо ачуу акыйкатмын".

Адамдардын таш бараңында калуу азап эмес. Чыныгы азап - ошол адамдардын арасынан тааныш жүздөрдү көрүү.

Ал сени эстейт, ыйлаба... Ал сени сагынат, издейт... Азыр эмес, качандыр бир кезде... Билесиңби качан? Эч кимге керек болбой калганда. Кечирүү кыйын эмес, кайра ишенүү кыйын.

Сүйүү жүрөгүңдүн эшигин такылдатса, ошол замат ача көрбө. Анткени, кээ бирөөлөр жаш балдар сыяктуу коңгуроону басып качат.

Каттабек Шамшиев.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости