www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 8-сентябрда Грузиянын премьер-министри болуп 44 жаштагы Георгий Гахария шайланды. Аны парламенттин 98 депутаты колдоп берди, ал эми оппозициялык партиялар каршылык иретинде добуш берүүгө катышпай коюшту.
Кызыгы, шайлоонун алдында болду, жарандык коомдун өкүлдөрү Георгий Гахариянын премьер-министрликке шайланышына каршы болуп, парламенттин имаратына койлорду айдап келишти. “Уят” кыймылынын лидерлеринин бири Гига Макарашвили “парламенттин ичинде “койлордун” бир бөлүгү отурат. Койлор гана берилген буйрук менен добуш берүү үчүн кнопка басышат”, -дейт.
Георгий Гахария мурун Грузиянын ИИМин жетектеген. Июнь айында митингге чыккандарды кубалагы үчүн оппозиция менен коомдук активисттер анын отставкасын талап кылышкан эле.
Булак: "NazarNews.kg"