www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Кайрыктары кайталангыс таланттар"
Арадан канча мезгил өтсө да обондору элдин жүрөгүнөн түнөк таап, бүгүнкү күндө да популярдуулугун жоготпогон ырлардын авторлору тууралуу кыскача маалымат бермекчибиз.
Рыспай Абдыкадыров
"Ырчылардын пири-Рыспай" деген сөз бекеринен айтылбаса керек. Көзү тирүүсүндө маданият тармагына кошкон салымы мамлекет тарабынан анча бааланбаса да, таланты таш жарган агабыздын обондуу ырлары калкынын калың катмарына кеңири тарагандыгы эч талашсыз... Укканда жарпыңды жазып жан эргиткен ырлары учурда популярдуулугун жоготпой залкар таланттын экинчи өмүрүн улантып жатканына караганда, өзүнүн артына өлбөс-өчпөс из калтырып кеткен экен. Алсак, "Издейм сени", "Жолугарым билгенмин" аттуу ырлары өзгөчө кереметтүү кайрыктардын кучагына бөлөнгөн эмеспи. Эми мындай обондорду кийинки муундагы обончулар жаратары азырынча белгисиз. Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акундун: "Рыспайга ыр дүйнө" деп ырдалат экен. Анда мага: "Турсунбекке чыр дүйнө" деп айтылып калабы?"-деп куудулданган жайы бар эле...
Токон Эшпаев
Мекенине кызмат кылып маданият үчүн тоодой эмгек жасап, толкуган обондорду жараткан Токон агабызды шум ажал арабыздан быйыл алып кетпедиби. Аттиң ай... Эргип ырдаганда эл тынымсыз кол чапкан адам эле. Келбес сапарга аттангыча керемет добушун сактап келгендиги уккандарды таң калтырчу. Айрыкча, "Керме-Тоонун кыздарын" созгондо келиндер түгүл кемпир-кесектерди да тамшандырган талантка ээ эле. Өмүрүнүн акыркы жылдарында Оштогу филармонияда эмгектенген экен. Атагы алыска тараган агабыздын айылы Керме-Тоодон жаралган обондору оболоп Ала-Тоонун койнунда мындан ары да жаңыра бермекчи.
Жолдошбек Мамажанов
Саналуу болсо да сапаттуу обондорду жаратып кеткен Жолдошбек Мамажановду билбеген кыргыз аз болсо керек... Мындан бир топ жыл мурда Оштогу филармонияда "Биз силерди сагындык" аттуу жалаң аккордеондун коштоосунда ырдаган обончулардын чоң программадагы концертинде, айтылуу обончуну эл дүркүрөтө кол чаап, бир топко чейин сахнадан кетирбей коюшкан болчу. Ошондо "Сүрөтүңө" деген ырын сүйлөшүп алышкансып көрүүчүлөрдүн баары эч жаңылбай чогуу ырдашканын көрүп алып аябай таң калгам. Эми муну менен эмне демекчимин. Элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан өзгөчө обондуу ырдын өмүрү ушинтип узун болот экен да, көрсө.
Асанкалый Керимбаев
Кайгылуу кайрыктары менен кан-тамырыңды сыздата тургансып ырдаган Асанкалый Керимбаев да бир топ обондуу ырлардын автору катары эсептелинет. Сахнадан муңканып созгондо ырга берилген ышкыбоздор жүрөгү менен кабыл алганда айрымдарынын көздөрүнө жаш айланып кеткендигин айтып калышат. Тээ бир учурда залкар акын Аалы Токомбаев өмүрлүк жубайынан айрылганда "Муӊдашым Мунар кайдасың?" деген ырды жазган экен.Ушул ырга Асанкалый агабыз обон чыгарып алгач аткарып чыкканда ырды уккан акын муун-жүүнү бошоп солкулдап ыйлаган дешет. Обончулук ишмердүүлүгүндө аккордеон менен гана чектелип калбастан, учурунда "Оштогу түн" аттуу ырын эстраданын коштоосунда эң алгач аткарып чыкканда, ырдын обону шандуу болгон үчүнбү, же обончунун чыгармачылындагы чоң жаңылыгы катары кабыл алгандыктанбы, айтор бул ыры бир топ эле популярдуу болгон эле. Азыркы кезде "Жаштык кез" деген той-топурларда азыркы тил менен айтканда "хит" ырлардын бири катары аткарылып жүрөт.
Аксуубай Атабаев
Белгилүү обончунун "18 жаш" аттуу ыры кийинки муундагы угармандарды да кайдыгер калтырбады. Элдин айтымына караганда мындан көп жыл мурда ушул ырга бир казак аябай таасирленгендиктен:"Бул ырга обонду кандай адам жаратты экен? Өзүм барып ырдын автору менен таанышып көрөйүнчү" деп Казакстандан атайын келип обончуга жолугуп колун бекем кысып, жакындан таанышып ийгилик каалап, ыраазычылыгын билдирген экен. Ал эми "Эне жөнүндө балладасын" КРнын Эл артисти Эрмек Мойдуновдун аткаруусунда укканыңда өзүңдү эненин ак сүтүнөн өмүр бою кутула албастай абалда болгондой сезесиң. "Жүрөктөн чыккан ыр жүрөккө жетет" деп туура айтылса керек...
Булак: Нурислам Кабакбеков, NazarNews.kg