www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, 17-июлда Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык канцлери Ангела Меркелди туулган күнү менен куттуктады.

Куттуктоо телеграммасында мындай деп айтылат:

«Сиз кыргыз-герман кызматташтыгын өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө чоң салым кошуп келе жатасыз. Тажрыйбалуу дүйнөлүк лидер катары Европа континентинде гана эмес, бүткүл дүйнө жүзүндө тынчтыкты жана өсүп-өнүгүүнү камсыз кылууда Сиздин кошкон жеке салымыңыз баа жеткис.

Кыргыз эли Сиздин эгемендүү жана тоолуу Кыргызстан жергесине жасаган ийгиликтүү сапарыңызды ушул күнгө чейин жылуу сезим менен белгилеп келе жатышат.

Германияга болгон сапарымдын учурунда биздин жолугушууну жылуу сезим менен эстейм. Биздин эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер мындан ары дагы конструктивдүү жана достук маанайда өнүгө берерине ишенем. Бул үчүн эки тараптуу карым-катнаштардын бардык механизмдери бар жана тиешелүү шарттар түзүлгөн».

Президент Сооронбай Жээнбеков Германия Канцлери Ангела Меркелге бекем ден соолук, бакубатчылык жана жогорку мамлекеттик кызматта мындан аркы ийгиликтерди каалады.

 

Последние новости