www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Кечээ таза суунун наркы 1 сомго кымбаттады. Эми электр энергиясы менен жылуулук тарифи мурдагы боюнча калабы же өзгөрөбү, ушуну ачык айта аласызбы?"
Жогорку Кеңеште экономика тармактарын жана калкты 2019-2020-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча Өкмөттүн иши жөнүндө маалымат угулуп жатканда депутат Тариел Жоробеков тиешелүү агенттиктин жетекчисине ушундай суроо салды.
Отун-энергетикалык комлексин жөнгө салуу агенттигинин башчысы Таалайбек Нурбашев жаңы тарифтик саясат кабыл алынганча, мурдагы тарифтик саясат иштеп турарын айтты.
- Жаңы тарифтик саясатты жакында кабыл алабыз, бирок электр энергиясынын баасы кымбаттабайт, ошол боюнча калат, - деди ал.
Булак: NazarNews.kg