www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
18-декабрда Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйыны өттү.
Жыйында 2017-2018-жылдары Ч.Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрынын имаратындагы ижарага берилген обьектилер боюнча маалымат угулуп, эл өкүлдөрүнүн кызуу талкуусун жаратты.
Депутат Элвира Сурабалдиева ижарага берилген обьектилерден мамлекеттик казынага каражат түшпөй жатканын айтып, мындай алешемдикке жол берген тиешелүү министрлик, мамлекеттик кызматтардын өкүлдөрүн катуу сынга алды. “Орус драма театрынын имаратынын арка тарабын бир канча жеке ишкерлер ижарага алып, тамактануучу, көңүл ачуучу жайларды иштетет. Имараттын ичинде бир канча бөлмө ижарага берилет. Ошого карабастан 2010-жылдан бери мамлекеттин эсебине бир тыйын салык түшкөн эмес. Борбордун чок ортосунда орун алган маданий жайда мындай мыйзам бузууларга жол берген Маданият министрлигине, Салык кызматына жана Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна чара көрүү керек”,-деди депутат Элвира Сурабалдиева.
Жыйынга баядамачы катары чакырылган Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Султанбаева күн тартибине коюлган маселеге даярданбай келгендигине байланыштуу депутаттардын сынына кабылды. Эл өкүлү Акылбек Жапаров орус драма театрындагы абалды экинчи ЖЭБ деп атап, театрды текшерген салык кызматынын, эсептөө палатасынын аудиторлорунун аты-жөнүн ачыктоо керек экенине токтолду. “Театрдын имараты 2010-жылдан бери ижарага берилип келе жатыптыр. Ошондон бери жарытылуу салык түшпөптүр. Салык кызматы кайда карап жүрөт? Мындай шалаакылыкка жол берген салыкчылар жоопко тартылуусу зарыл. Эсептөө палатасынын адистери Маданият министрлигин текшергенде эмне үчүн аныктап чыккан жок? Бул имарат министрликке карагандан кийин текшерүүдө чыгышы керек болчу. Демек, салыкчылар жана текшерүү органдары акчаны жең ичинен жетекчилер менен бөлүшүп келген. Акыркы он жылда аталган жайдан ким салык чогултса, текшерсе баарынын аты жөнүн тактап алып келиңиздер”,-деди депутат Акылбек Жапаров.
Эске сала кетсек, Мамлекеттик улуттук орус драма театрынын имаратындагы ижарага берилген обьектилер боюнча маселе эл өкүлү Элвира Сурабалдиеванын демилгеси менен комитет жыйынында кароого сунушталган.
Жыйын жүрүшүндө «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору 3-окууда каралды. Талкуунун жүрүшүндө мыйзам долбоорунда мүчүлүштүктөр бар экени айтылып, 2-окуунун режимине кайтарылды. Белгилей кетсек, мыйзам долбоорунун демилгечилери Жогорку Кеңештин депутаттары Г.Асылбаева, Н.Макеев, Д.Тулендыбаев, А.Жапаров, Э.Сурабалдиева, Ж.Мусабекова, А.Султанов, Б.Субанбеков жана И.Пирматов.
Булак: NazarNews.kg