www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews.kg маалымат агенттигине төлгөсү төп келген Света Тойгонбаева  президент тууралуу буларды айтты.

Сооронбай Жээнбеков аны чечем, муну мындай кылам деп ишин илгерилетүүнүн жолун издеп жатат. Президент кичине эле өзүн ташташа нааразычылык күчөп кетиши ыктымал. Эмнегедир элди бийликке тукурган күчтөрдүн аракети күчөп, президент элдин ишениминен чыгып баратат. Элдин колдоосунан кол жууп калбаш үчүн президент эрте күндү кеч кылбай саясий негизде камакка алынган туткундарды бошотушу керек. Ошондо гана элдин алкоосуна, колдоосуна ээ болот. Болбосо, ишинен майнап чыкпай, туңгуюкка такала берет. Элдин тилегенин орундатып, камактагы саясий туткундарды бошотсо апрель, май айларында иши оңунан чыгат. Мамлекет үчүн пайдалуу, жемиштүү долбоорлорду ишке ашырат. Сооронбай Жээнбеков каматкан кишилердин көбү акталып чыгат деген да аян келди. Сыягы, бул бийлик сотторго кийлигишпей, адилеттүүлүк орношуна салым кошот. 

Президент кадр тандоодо бирөөнүн тилине кирбеши керек. Адискөйлөргө маани бербей түшкөн сунуштун баарын кабыл ала берсе, мамлекет аксайт. Татыксыз кадрлар ишин жөндөй албай өзү эле азап тартат. Президент жаңы жылдын ар жак, бери жагында күч түзүмдөрүнүн жетекчилерине талапты катуу койбосо, алардын алсыздыгынын кесепетин тартып калат.

P.S төлгөчү Света Тойгонбаевага  байланышып, жолун ачтырып,  төлгө салдырам дегендер болсо, 0709 21 78 58 номерине байланышса болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости