www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Касым-Жомарт Токаев “Казакстан Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүү жана толуктоо актыларынын мамлекеттик кызмат жана коррупцияга каршы күрөш боюнча” мыйзамга кол койду. Толуктоо өз ичине жетекчилердин, анын ичинде министр, акимдердин жоопкерчилигин карайт. Бул тууралуу бүгүн казак басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Казакстандын Коррупцияга каршы күрөш кызматынын төрагасы Олжас Бектенов кол алдындагы кызматкерлер коррупцияга шектелсе ким жана качан отставкага кетиши тууралуу айткан.

“Бүгүндөн баштап мамлекеттик саясий кызматкерлер: министрлер, алардын орун басарлары, облустун акимдери, алрдын орун басарлары, Нур-Султан, Алматы, Шымкент шаарларынын жетекчилери кол алдындагы жумушчулар коррупцияга тиешеси бар болуп, соттун өкүмү чыкканда 10 күндүн ичинде отставкага кетиши зарыл ”,- деп Бектенов Нур-Султанда болуп өткөн пресс-конференцияда билдирген.

Мына ушундай мыйзам Кыргызстанга да керек экен. Сиз кандай дейсиз?..

Булак: NazarNews.kg

Последние новости