www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чет өлкөдөн ири көлөмдө буудай алып келингендиктен Кыргызстанда 3000 адам жумушсуз калды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Арапбаев комитеттин жыйынында билдирди. Ал расмий маалыматтарга таянуу менен 2014-жылы өлкөгө 460 миң тонна ун алып келинсе, анан көлөмү 2018-жылы 800 миң тоннага жеткенин айтты.
Эл өкүлү мунун кесепети Кыргызстандагы жумуш орундарынын азайышына алып келгенин белгилейт. «Азыркы тапта ун чыгарган атамекендик ишканалар калбай калды. Жалпысынан 3000ге чукул адамды жумушсуздукка алып келди. Алардын көбү чет өлкөгө эмгек мигранты болуп кетүүгө аргасыз болду» деди депутат.
Булак: "АЗИЯnews"