www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыздар айкөлдүгүнөнбү же шалаакылыгынанбы, айтор атадан калган улуу мурастарды шылдыңдатып, тебелетип-тепсетип келе жатат. Айтсак, буга чейин түрк улутундагы адамдар иштеткен соода комплекси калпакты итке кийгизсе, андан мурдараак кыргыздын сыймыгы болгон Манас бабабыздын жана анын урпактары Семетей менен Сейтектин ысымын ичимдиктерге басып чыгарган. Атургай кээ бир атактуу «маңкурттар» Манасты аферист» дегенге чейин барды.
Тилекке каршы, кыргыз баалуулугу тепселип жатканына жалпы коомчулук кайдыгер карап, чара көрбөй келди. Кыргыздардын козголбой турганын илген «Тюбетейка» рестораны ата-мурасысызды тебелеген жылма саясатты улантууга киришкени өлбөгөн төрт гана шыйрагыбызды калтырды. Алар элибизди бүткүл дүйнөгө тааныткан комуздан тарелка жасап, идиш катары колдонуп баштаптыр.
Мындай шылдыңга териси калың кыргыз гана чыдабаса, көкүрөгүндө кыпындай намысы бар эл эгерим көтөрбөйт.
Булак: "Мантыш"