www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Баткен облусунун 29 жаштагы А.А аттуу тургуну 22-октябрда кармалганын, ал «WhatsApp» социалдык тармагында 100 абонент катталган топ түзүп, улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган видеороликтерди жайгаштырганын билдирди.
"Такталган маалымат боюнча кармалган киши 2010-жылдагы окуяларда өзбек улутундагы белгисиз адамдар кыргыз улутундагы адамдарды сабап, ошондой эле кыргыз улутундагы жаш балдар өзбек улутундагы адамдарды сабаганы үчүн кечирим суратканы тартылган видео роликтерди жайылткан" деп айтылат атайын кызматтын билдирүүсүндө.
Маалыматка караганда, кармалган адам материалдарды таркатканын моюнга алган. Мындан сырткары чагымчыл видео, сүрөттөрдү таркаткандарга мыйзам бар экенин 3 жылдан 4 жылга чейин эркинен ажыратылуусу мүмкүн экенин эскертишкен.
Булак: NazarNews.kg