www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын ИИМдин 2018-жылдын тогуз айынын ичиндеги ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылды 2018-жылдын 22-октябрында Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын 2018-жылдын 9 айынын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегия өттү.
Коллегияга Ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын Коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Азамат Араев, министрдин орун басарлары, борбордук аппараттын башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын, кызматтарынын башчылары, облустук, шаардык ички иштер башкы башкармалыктардын жана башкармалыктардын жетекчилери катышты.
Жыйындын негизги темасы Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарынын 2018-жылдын 9 айынын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары тууралуу маселелер каралды. Андан сырткары ички иштер органдарында өндүрүштөн убактылуу токтотулган кылмыш иштеринин жана ыкчам кызматтарындагы издөө иштеринин абалы жана ал иштерди инвентаризациялоонун жыйынтыгы ошондой эле 2019-жылы күчүнө кирип, ишмердигин жүргүзө турган жаңы мыйзамдарга ички иштер органдарынын даярдыгы жөнүндөгү маселелер талкууланды. Коллегияда ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Сүйүн Өмүрзаков 2018-жылдын 9 айынын ичинде уюштуруучулук жана ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары, ички иштер органдарындагы бардык көйгөйлөрдү ачык айтып, калыс чындыкты ортого салып, кемчиликтерге акыйкат баа берип, таразага салып калыс чечимдерди чогуу кабыл ала тургандыгын баса белгиледи.
Негизинен айтканда, ички иштер министрлиги 2018-жылдын тогуз айында, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбековдун Жарлыктарын, анын ичинде Аймактарды өнүктүрүү жылы жөнүндө Жарлыгын, Коопсуздук Кеңешинде койгон тапшырмаларын, Жогорку Кеңештин, Өкмөттүн токтомдорун, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Биримдик, ишеним, жаратмандык” программасынын негизинде коомдук коопсуздукту камсыздоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү багытында иш-чараларды иш жүзүнө ашырууда тынымсыз иш-чаралар жүргүзүлдү деп баса белгиледи Сүйүн Өмүрзаков. Айрыкча 3 дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, Түрк тилдүү мамлекеттердин Саммити жана Эгемемендүүлүктүн 27 жылдыгына арналган мамлекеттик маанилүү иш-чараларды өткөрүүдө милиция кызматы ийгиликтүү камсыздоо чараларын көрө алды. 2018-жылдын 9 айында республика боюнча укук коргоо органдары тарабынан 22 миң 948 кылмыш катталган.
Ал эми ички иштер органдары тарабынан тогуз айда 20 миң 401 кылмыш катталып, кылмыштын жалпы санынын 88,9 пайызын түздү, кылмыш иштерин иликтөөнүн жүрүшүндө 15 миң 294 кылмыштын бети ачылган. Катталган кылмыштарды иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 18 миң 503 кылмыш иши козголгон жана ички иштер органдарынын тергөө кызматтары тарабынан 12 миң 712 кылмыш иши иликтенип сотко жөнөтүлгөн.
Ачылбай калган резонанстуу кылмыштар боюнча катуу сын-пикирлер айтылып, ал кылмыштардын бардыгын ачуу боюнча да кошумча тапшырмалар берилди. Борбордук аппараттын жана жер-жерлердеги кызмат башчыларынын жетекчилик уюштуруучулук-иштеринин өз деңгээлинде уюштурулбагандыгы, белгиленген иш-чаралар тиешелүү деңгээлде аткарылбай жаткандыгын белгиледи. Коомдук жайларда коопсуздукту камсыздоо жана кылмыштуулукту алдын алуу багытында, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү багытында да милицияга жүктөлгөн милдеттер боюнча мамлекеттин жана элдин алдында ички иштер органдарынын тиешелүү бардык жетекчилери жооптуу экендигин да айтылды. Коомдук жайларда катталган кылмыштардын абалы да бизди тынчсыздандырууда.
Албетте, мунун жообу бирөө эле. Жергиликтүү жетекчилердин өз милдетине кайдигерлик мамиле жасагандыгынан болуп жатат. Бүгүнкү күндүн шарттарына жараша коомдук коопсуздукту сактай турган, мамлекеттин туруктуулугун камсыздай турган тажрыйбалуу жана деңгээли бийик милицияны эл талап кылууда, ошол себептүу коомчулук тарабынан коюлуп жаткан тапшырмалар менен ишенимди биз акташыбыз зарыл деди.
Айрыкча жол коопсуздугун сактоо боюнча көйгөйлүү маселелер бар экендиги да баса белгиленди. Алсак, бангибизнеске каршы күрөшүүдөгү кемчиликтер да айтылып, анын чечүүүнүн жолдору да белгиленди. Коллегияда ИИМдин коомдук кызматынын, Криминалдык милиция кызматынын, экстремизмге жана терроризмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын, Бишкек шаардык, Чүй жана Жалал-Абад областтык милиция башкармалыктарынын башчыларынын коомдук тартипти сактоодо кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү ишмердүүлүгү толугу менен катуу электен өткөрүлдү. Ошондой эле ички иштер органдарынын ички кызматтык тартиби тууралуу да олуттуу сөз болду. Коллегиянын жүрүшүндө министр Кашкар Джунушалиев өткөн жылдардагы кылмыштарды иликтөө жана анын бетин ачууга, кылмышкерлерди издөөгө жана кармоого байланышкан тиешелүү иш-чараларды уюштурууга, кылмыш иштерин калыс жана сапаттуу иликтөөгө, кылмыштуулукка каршы күрөшүүнү күчөтүү менен ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүгө багытталган ыкчам-тергөө иштерин күчөтүү боюнча тапшырма берди.
Ошондой эле Кашкар Джунушалиев өз сөзүндө 2019-жылдын 1-январынан күчүнө кирүүчү Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодекстер күчүнө кирет жана биз кемчиликтерди кетирип албоо үчүн баарыбыз максаттуу иштешибиз зарыл. Биз Кыргыз Республикасынын жаңы кодекстеринин натыйжалуу иштешине шарт түзөбүз.
Ошондой эле Кашкар Джунушалиев 2019-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кире турган жаңы кодекстердин жоболору укук коргоо органдарынын ишмердигин өркүндөтүүгө, калктын милицияга болгон ишенимин жогорулатууга, ошондой эле укук коргоо органдарында реформаны ишке ашырууга багытталат жана мунун негизги өзгөчөлүгү жарандардын укуктары менен эркиндигин жана коомдун кызыкчылыгын коргоого укук коргоо органдарынын ишмердигин өркүндөтүү керектигин баса белгиледи.
Биздин негизги максатыбыз – коомдун, жарандардын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыз кылуу мамлекеттик тутумун жогорулатуу болуп саналат. Ички иштер органдарынын потенциалын чыӊдоо жана жарандардын конституциалык укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, жарандардын, коомдун жана өлкөнүн кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле мамлекеттик маанилүү объектилерди коргоо Кыргыз Республикасынын ички коопсуздугун камсыз кылуу системасын өркүндөтүүгө багытталган масштабдуу реформаларды жүргүзүүгө жетишүүнүн негизги жагдайы болуп эсептелет,- деди Кашкар Джунушалиев.
Тогуз айдын жыйынтыгы боюнча облустарда, башкы башкармалыктарда атайын ыкчам кеңешмелер өткөрүлгөн, анын жыйынтыгы менен ИИМдин коллегиясы ички иштер органдарынын тогуз ай ичинде аткарган ишмердүүлүгүн кеңири талкууга алды жана жетекчилер тарабынан кетирилген кемчиликтери боюнча жалпы чечим кабыл алды, анын негизинде жыйырмага чукул жетекчилик курамдагы кызматкерлер тартиптик жазага кириптер болду.
Ошондой эле бир катар жетекчилерге жылдын жыйынтыгы менен коомдук тартипти сактоодо жана кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү жетекчилик ишмердүүлүгүнө кайрадан кайрылып, ар бирине баа бериле тургандыгы эскертилди. Бүгүнкү коллегиянын чечими менен өз алдынча кызматтардын жана бөлүктөрдүн жетекчилери тарабынан көзөмөлгө алынып, аны аткарууга өзгөчө көңүл буруу зарыл. Коргоо кеңешинин чечимдери жана сунуштары да турмушка ашырылышы керек. Кетирилген кемчиликтерди тез арада ондоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлсүн. Кийинки жыл жыйынтыгы боюнча коллегияда жогоруда белгиленген тапшырмалардын аткарылышы боюнча катуу талап кылам. Тапшырмалардын аткарылышы боюнча да тиешелүү чечимдер кабыл алынат-деп баса белгиледи Кашкар Джунушалиев, коллегияны жыйынтыктап жатып айтып кетти.
Булак: NazarNews.kg