www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эмилбек Каптагаев кыргыз тилинин тагдыры боюнча негиздүү ойлорун жана сунуштарын Фейзбуктагы баракчасына жазды.
Тил тагдыры - Эл тагдыры!
Мамлекеттик тил саясаты – Кыргызстанда жашаган бардык адамдарды кыргыз тилинде мажбурлап сүйлөтөлү деген саясат эмес. Жок, кеп таптакыр анда эмес. Кеп мамлекеттик тил кыргыз мамлекетинин эгемендүүлүгүнүн негизи экендигинде. Биздин мамлекеттин Кыргыз Республикасы деп аталышы миңдеген жылдар бою “КЫРГЫЗ” деген атты бийик сактап келген элибиздин кызыкчылыгына, үмүт-тилегине жооп бере алганда гана өз маанисине ээ болот. Мына ушул чындыкты али да болсо түшүнө элекпиз.
Жаңылана турган Конституцияга Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча сунуш:
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили – кыргыз тили.
2. Кыргыз Республикасы мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө жана толук көлөмдө колдонулушуна түздөнтүз кам көрөт.
3. Кыргыз Республикасынын Президентигине, Премьер-министрлигине, Жогорку Кеңештин депутаттыгына жана Төрагалыгына, жергиликтүү Кеңештердин депутаттыгына, Жогорку жана жергиликтүү соттордун Бийлеринин (судьяларынын) кызматордуна, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү жана эларалык уюмдардагы өкүлчүлүктөрүнүн кызматорундарына, ошондой эле мамлекеттик кызмат түзүмүнө кирген бардык кызматорундарына талапкерлер мыйзам тарабынан аныкталган деңгээлде мамлекеттик тилди билүүгө милдеттүү.
3. Кыргыз Республикасы Кыргызстандын элин түзгөн бардык этнос өкүлдөрүнө эне тилин сактап калуу, аны үйрөнүү жана өнүктүрүү укугуна кепилдик берет.
Булак: NazarNews.kg