www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган АКШ менен Израилдин Иранга каршы согушу күчөп, аймакка жайыла электе токтотулушу керектигин жана дипломатияга мүмкүнчүлүк бериле турган болсо мунун мүмкүн экендигин баса белгиледи.
Шаршемби күнү партиясынын парламенттик фракциясынын жыйынында сүйлөгөндө, Эрдоган Түркия сүйлөшүү столуна кайра отурууга жана дипломатияны жандандырууга чыдамкай аракеттерин улантып жатканы тууралуу айтты.
Ал кырдаалдын сезгичтигин эске алып, Түркия этияттык менен сүйлөп, айланадагы жаңжалдардан өзүбүздү коргоо үчүн сак чараларды көрүп жатканын кошумчалады.
Президент Эрдоган Түркиянын аймактагы кризистерге кайдыгер карабаганын жана муктаж болгон учурда досторуна жана боордошторуна жардам бергенин баса белгиледи.