www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы Медербек Сатыев 2025-жылдагы сот тутумунун ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарын чыгарууга арналган Жогорку соттун Пленумунун жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматы билдирди.
Пленумдун ишине Жогорку соттун судьялары жана Аппарат кызматкерлери, ошондой эле жергиликтүү соттордун төрагалары жана судьялары (видеоконференц байланыш аркылуу) катышты. Мындан тышкары жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын соттор жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин Жогорку мектебинин өкүлдөрү катышышты.
Күн тартибиндеги негизги маселе Жогорку соттун 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгаруу болду. Отчеттук мезгил ичинде аткарылган иштер тууралуу Жогорку соттун үч соттук коллегиясынын төрагалары баяндама жасашты.
Маалыматка ылайык, 2025-жылы административдик иштер боюнча соттук коллегияга кассациялык тартипте 1316 иш келип түшкөн (2024-жылы — 1277). Карап чыгуу жыйынтыгында 162 иш кайтарылган (2024-жылы — 194), ал эми 215 иш 2026-жылга кароого өткөрүлгөн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун кылмыш-жаза иштери боюнча соттук коллегиясы тарабынан 2025-жылы жергиликтүү соттордун мыйзамдуу күчүнө кирген актылары боюнча кассациялык тартипте 1400 адамга карата 1017 кылмыш-жаза иши каралган. Бул көрсөткүч мурдагы жылга салыштырмалуу 0,09% аздык кылат, анткени 2024-жылы 1335 адамга карата 1018 иш болгон. Түшкөн 793 кассациялык даттануулардан 231 (29,13%) канааттандырылып, 562 (70,87%) канааттандыруусуз калтырылган.
Жарандык тартипте 2025-жылы биринчи инстанциядагы сотторго 139 406 доо арыз жана 31 642 соттук материал келип түшкөн, жалпысынан 171 048 ишти түзгөн. Бул көрсөткүч 2024-жылга салыштырмалуу 6% жогорулаган. Бирок өткөн жылдарга салыштырмалуу иштерди көбөйүшүнүн тенденциясы кыйла азайган. Мурда жылдан-жылга иштер 20-30% чейин көп түшкөн, буга себеп мыйзамдар өзгөрүп, кээ бир категориядагы иштерди чечүү соттон тышкары тартипте каралган. Жалпы каралган иштердин ичинен 5% жакын (4,78% — 8181 иш) апелляциялык тартипте, ал эми 2% жакын (2,26%-3871 иш) кассациялык тартипте даттанылган.Бул көрсөткүчтөр иш боюнча тараптардын чыгарылган соттук актылардын басымдуу бөлүгүнө, тактап айтканда 95% макул экендигин жана аларга даттануу берилбегенин көрсөтөт.
Ошондой эле өткөн жылдагы Пленумдун ишмердүүлүгү тууралуу маалымат менен Пленумдун катчысы, Жогорку соттун судьясы Турсунгүл Чаргынова да сөз сүйлөдү.Жыйындын жүрүшүндө белгиленгендей, Жогорку соттун каржы-чарбалык бөлүмүнүн маалыматы боюнча, 2025-жылы аккумуляциялык эсепке мамлекеттик алым катары 506 239 998 сом түшкөн. Ал эми 2024-жылы бул көрсөткүч 449 606 470 сомду түзгөн.
Мындан тышкары Пленумдун катышуучулары Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрайымы, Жогорку соттун судьясы Аида Сейдакматованын маалыматын угушту.Өз сөзүндө Жогорку соттун Төрагасы Медербек Сатыев аймактарга жасалган жумушчу сапарлардын жана жергиликтүү соттордун жыл жыйынтыгын чыгарган кеңешмелеринин жыйынтыгында айрым соттордун ишмердүүлүгүндө олуттуу көйгөйлөр аныкталганын белгиледи. Анын айтымында, жергиликтүү соттордо иштеп жаткан 441 судьянын ичинен 137 судьянын сот адилеттигин ишке ашыруунун сапатынын көрсөткүчтөрү төмөн деп белгиленген, бул жалпы судьялар корпусунун 31 пайызын түзөт. Ошол эле учурда ишинин жогорку натыйжаларын көрсөткөн (сот актыларынын күчүндө калуу көрсөткүчү 80 пайыздан жогору болгон) 133 жергиликтүү соттун судьясына Жогорку соттун Төрагасынын Ыраазычылыгы жарыяланган.
«2025-жылы биринчи инстанциядагы жергиликтүү соттор тарабынан 280 308 соттук иш жана материал каралган, бул көрсөткүч 2024-жылга (246 931) салыштырмалуу 13,52%га көп болгон. Бул тенденциянын негизги себептери катары калктын санынын өсүшү, жарандардын укуктук сабаттуулугунун жогорулашы, ошондой эле коомчулуктун сот системасына болгон ишениминин бекемделиши катары карасак болот. Бирок, ошол эле учурда экинчи тарабы катары укук бузуу, кылмыштуулуктун өсүшү, жарандык, административдик талаштардын көбөйгөндүгүн айгинелейт.Ошол эле учурда судьялардын штаттык саны өзгөрүүсүз бойдон калып жаткандыгын белгилеп кетүү зарыл. Жогоруда көрсөтүлгөн факторлордун натыйжасында судьяларга болгон жүктөм олуттуу түрдө көбөйүүдө.Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине Кыргыз Республикасынын сотторунун түзүмүн жана судьялардын штаттык санын талдоо жана оптималдаштыруу боюнча комплекстүү иш жүргүзүүнү, ошондой эле иш жүзүндөгү жүктөмдү эске алуу менен судьялардын санын көбөйтүү маселеси боюнча жакынкы убакытта жыйынтык чыгарууну сунуштайм», — деди Медербек Сатыев.
Талкуу учурунда бирдиктүү сот практикасын камсыз кылуу деңгээли жетишсиз экенине да көңүл бурулуп, судьялардын квалификациясын жогорулатууда Жогорку сотко караштуу Сот адилеттигинин Жогорку мектебинин маанилүү ролу белгиленди.
Ошондой эле сотторго кайрылган жарандар менен байланышты күчөтүү максатында бир жыл мурда киргизилген QR-код аркылуу кайтарым байланыш механизминин маанилүүлүгү өзгөчө белгиленди. Жогорку соттун Төрагасы сот системасы мамлекеттин турмушунда өзгөчө мааниге ээ экенин, коом үчүн ачык болушу керектигин жана жарандардын анонимдүү онлайн сурамжылоосу аркылуу аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча ырааттуу иштер жүргүзүлүшү зарылдыгын баса белгиледи.
Пленумдун соңунда Жогорку соттун судьясы Кенешбек Токтомамбетов жетектеген атайын комиссиянын маалыматы угулду. Аталган комиссия Жогорку соттун Төрагасынын 2026-жылдын февраль айындагы буйругу менен түзүлүп, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын судьяларынын жана жергиликтүү сотторунун ишинин сапатын аныктоо максатын көздөйт.
Андан соң сыйлыктарды тапшыруу аземи болуп өттү. Жогорку соттун Төрагасынын 2026-жылдын 12-мартындагы буйругуна ылайык, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча мыкты жергиликтүү сотту жана мыкты судьяны аныктоо, ошондой эле дем берүүчү төлөмдөрдү берүү жөнүндө чечим кабыл алынып, номинанттар сыйланды.
2025-жылдын жыйынтыгы боюнча жергиликтүү соттордун судьялары тарабынан иштерди кароонун сапатына берилген баалоонун негизинде «Жылдын мыкты судьясы» номинациясынын жеңүүчүлөрү аныкталып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Өнүктүрүү жана сыйлоо фондунан төмөнкүдөй өлчөмдө стимулдаштыруучу төлөмдөр берилди:
I орун — Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы Назирдинова Чолпон Жыргалбековна — 250 000 (эки жүз элүү миң) сом;
II орун — Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук сотунун төрагасы Тилемишов Азамат Жайчыбекович — 200 000 (эки жүз миң) сом;
III орун — Эсенбаев Адылбек Маматибраимович — 150 000 (жүз элүү миң) сом.
Мындан тышкары 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча статистикалык маалыматтардын жана жергиликтүү соттордун иштерди кароосунун сапаттык көрсөткүчтөрүнүн негизинде:• «Мыкты облустук сот» деп Жалал-Абад облустук соту;• «Мыкты райондук сот» деп Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту таанылды.