www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин Иш башкармалыгынын 2025-жылдагы каржылык көрсөткүчтөрү мамлекеттик менеджменттин натыйжалуулугун айкын көрсөтүп турат. Акыркы жылдары бул түзүмдүн кирешеси туруктуу өсүп, 2020-жылы 479,2 миң сомду түзгөн көрсөткүч 2025-жылдын жыйынтыгында 14 млрд 138,9 млн сомго жеткен. Ушунун өзүнөн системалуу башкаруунун жана туура уюштурулган экономикалык иштердин натыйжасы кашкайып көрүнүп турат.

Албетте, бул жетишкендик өзүнөн-өзү пайда болбойт. Демек, Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевдин ролу өзгөчө десек жарашат. Ал башкаруучулук тажрыйбасы, ишти натыйжалуу уюштура билген менеджерлик сапаты менен ведомстволук мекемелердин ишин жаңы деңгээлге чыгара алды.

Санариптештирүү, ачык-айкындуулук жана натыйжалуу башкаруу принциптерин ишке ашыруу аркылуу экономикалык процесстерди майнаптуу жолго коюп, кирешенин олуттуу өсүшүнө шарт түзүлдү.

Айрыкча 2022-жылдан кийин байкалган динамикалуу өсүш башкаруу системасы туура нукка түшкөнүн көрсөтөт. Бул Туманбаевдин саясий жана административдик тажрыйбасы бышып жетилип, мамлекеттик башкарууда ишенимдүү кадр катары калыптанганын да айгинелейт.

Мындай деңгээлдеги жоопкерчилик жана ишеним ар бир мамлекеттик кызматкерге эле берилбейт. Каныбек Туманбаев бүгүнкү күндө Президент Садыр Жапаровдун ишенимдүү командасындагы таасирдүү менеджерлердин бири катары мамлекеттик структуралардын экономикалык натыйжалуулугун арттырууга салым кошуп жатат. 

Учурда 2026-жылы кирешени 25 млрд сомго жеткирүү максаты коюлуп жатат. Бул милдет аткарылса, Иш башкармалыгынын ишинин натыйжалуулугу дагы бир деңгээлге көтөрүлөрү күтүлүүдө.

Последние новости