www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сүлүктү шаарында алдамчылыкка шектелип аял киши кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Сүлүктү шаарынын 58 жаштагы тургуну Т.З. милицияга арыз менен кайрылган. Анда ал 2026-жылдын 5-февраль күнү Германияга виза жасатып берүү шылтоосу менен интернет аркылуу белгисиз жаран менен байланышканын билдирген. Шектүү жаран +7 996 83..... номерин колдонуп, арыз ээсинин паспорттук маалыматтарын алган.

Кийинчерээк арыз ээсинин атына мобилдик банкинг кызматын колдонуп, ар биринен 50 000 сомдон, жалпы 100 000 сом өлчөмүндө онлайн кредит алынганы аныкталган.

Аталган факт боюнча Сүлүктү ШИИБ тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Жогоруда аталган бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө акча каражаттары Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун 33 жаштагы тургуну К.Хнын банктык эсебине которулгандыгы аныкталган. Ал Жалал-Абад облусунун Чычкан-Сай аймагындагы кафелердин биринде иштеп жаткан жеринен кармалып, тергөө органдарына жеткирилген.

Учурда шектүүнүн аракеттерине юридикалык баа берүү жана кылмыш ишинин бардык жагдайларын аныктоо боюнча тергөө амалдары улантылууда.

Последние новости