www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Швеция НАТОго кирүү шарты катары Түркиянын алдында алган милдеттенмелерин аткара электигин билдирди. Бул тууралуу ТАСС жазып чыкты.

“Эгерде Швецияда террористтер полициянын коргоосу астында акцияларды уюштура берсе, бул бийлик өз милдеттерин аткарбай жатканын, ал эми Стокгольмдун көчөлөрүндө террордук акциялар уланып жатканын билдирет”, - деди түрк лидери.

Буга чейин АКШнын Мамлекеттик департаменти Түркияга каршы санкциялар Швециянын НАТОго кирүүсүн үзгүлтүккө учуратпай турганын билдирген.

24-августта Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Анкара түрк парламенти Швециянын НАТОго кошулуу арызын канча убакытка чейин карай турганын азырынча билбей турганын билдирген.

“Швециянын НАТОго кошулуусу боюнча протоколдор Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынына жөнөтүлдү, ал бул маселе боюнча тез арада чечим кабыл ала алат, бирок Швеция өз убадаларында турушу керек”,- деди Эрдоган.

Буга чейин Швеция НАТОнун уставын өрттөөгө чечим чыгарган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости