www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткенде алдамчылыкка шектелген аял кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Баткендин тургунун сыртынан тааныш болгон аял бир тууган инисин «абактан чыгарып, ага карата козголгон ишти кыскартып берем» деп 50 миң доллар алып, алдап кеткен. Бул факты боюнча ал милицияга арыз менен кайрылган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары Баткен районунун 41 жаштагы Н.К. аттуу тургуну (аял киши) кармалып, убактылуу кармоо жайга камакка алынган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости