www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 "Манас" эл аралык аэропортунда бир суткадан бери жүргүнчүлөр Стамбулга учуп кете албай турушат. Буга учактын бузулушу себеп болуп жатканын аталган аба майданынын маалымат кызматы билдирди.

15-сентябрда Бишкектен Стамбулга кетчү ТК 347 рейси үзгүлтүккө учураган. Асманга саат 02.32де көтөрүлгөндөн кийин экипаж техникалык себептерден улам кайтууну чечкен. 3.29да адистер борт компьютеринин бузулган жерин оңдоп берип, учак учууга уруксат алган. Бирок көтөрүлөр алдында аспаптар кайрадан мүчүлүштүк бар экенин көрсөткөн. 174 жүргүнчү мейманканаларга жайгаштырылды.

"Азырынча оңдоо иштери аягына чыга элек. Жүргүнчүлөрдү башка самолётко отургузуу пландалып жатат. Turkish Airlines өкүлдөрү маселе боюнча иштешүүдө. Аба кемеси 17-сентябрь күнү саат 02.10до асманга көтөрүлөт", — деди маалымат кызматтан.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости