www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын Эмгек сиңирген артисти Вячеслав Гришечкин 61 жашында каза болду. Бул тууралуу  актёр иштеген Түштүк-батыштагы Москва театрынан билдиришкенин орус басылмалары жазып чыгышты.

Гришечкин 15-сентябрда каза болгонун “Комсомольская правда” жазды. Басылманын маалыматына караганда, Гришечкин бир жума мурун жүрөгү ооруп, ооруканага түшкөн.

Гришечкин Түштүк-Батыш театрында 1977-жылы негизделгенден бери кызмат кылып келет. Актёр ошондой эле РАМТда иштеп, Волжский атындагы драма театрын жетектеп, 2017-жылдан бери Россиянын Ички иштер министрлигинин Москва университетинин алдындагы театралдык студияны жетектеп келген.

Вячеслав Гришечкин 160тан ашык тасмада роль жараткан. Анын эң белгилүү ролдорунун бири - "Солдаты" сериалындагы полковник Александр Старокон. Ал ошондой эле "Счастливы вместе", "Каменская" жана "Бригада" сериалдарында роль жараткан.

1994-жылы Вячеслав Гришечкинге "Россиянын эмгек сиңирген артисти" наамы ыйгарылган, ал эми 2013-жылы II даражадагы "Мекенге кызматы үчүн" ордени менен сыйланган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости