www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасынын” директору Бакытбек Темикеевдин катышуусунда айдоочулук курамдын арасында чукул жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Жыйындын жүрүшүндө жаңы автобустардын катышуусундагы жол кырсыктары көбөйүп жатканы тууралуу маселе талкууланды. Мындай учурларды жоюу боюнча катуу жана оперативдуу чараларды көрүү боюнча тапшырмалар коюлду.
Маалым болгондой, ишкана жетекчиси жаңы айдоочуларды ишке алууда айдоо практикасын күчөтүүнү тапшырып, автоколонналардын жетекчилерин жана инженер-техник кызматкерлерди алар менен такай иш алып барууга милдеттендирди.
Темикеев ошондой эле Бишкектин автобустарында накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзүү боюнча буйрукту аткаруу маселесин көтөрдү. Директор жүргүнчүлөрдөн накталай акча алуу фактылары аныкталса, тиешелүү чаралар көрүлөрүн, анын ичинде жумуштан бошотууну айдоочуларга эскертти.
Булак: NazarNews.kg