www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Эркин Асрандиев өзүн куткарууга кеткен чыгымды төлөп берди. Бул тууралуу аталган фонддун өкүлү Бегимай Азимжанова билдирди.

“Эркин Шамшудинович көлдү сүзүп өтүүнү пландаган. Ал буга ойдогудай даярданган. Керектүү нерселер да бар болчу. Кокусунан көлдө толкун башталып, ойдо жок нерсе болуп кетти. Ал өзүн издөөгө, куткарууга катышкандардын, колдогондордун баарына ыраазычылык бирдирди.

Издөө-куткаруу операциясына 17 куткаруучу тартылган, анын ичинде 6 суучул бар. Бул операцияга кеткен чыгымдар төлөнүп берилди. Анын ичинде күйүүчү майга кеткен чыгымдар да. ӨКМ чыгымдарды төлөтүүдөн баш тартты, Эркин Шамшудинович аларга суучулдардын жабдуусун белек кылат”.

Эске салсак, Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Эркин Асрандиев 31-августта Ысык-Көлдү сүзүп өтүүгө катышкан жана толкун башталып кетип, анын жанындагы коштоп жүргөндөр менен байланышы үзүлүп калган. 19 саатка жакын сүзгөн Асрандиев жээкке өзү сүзүп чыгып, аман-эсен табылган.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости