www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Күрд княздыгы бир учурда Бабан эмираты аталган. Күрд княздыгы 1649-жылдан 1850-жылга чейин азыркы Ирак менен батыш Ирандын аймагында болгон экен. Бабан эмиратынын борбору Сулеймания шаары болгон. 17-19-кылымда Бабан эмираты түрктөргө каршы согушка активдүү катышканы айтылат. Бабан эмиратын азыркы күрддөр аль-Бабан атаса, түрктөр Бабанлар же Бабанзаде атайт экен, кыргыздардын Бабан менен иши жок, орустар көптүк иретинде Бабанов деп аташы мүмкүн.
XIX кылымда Күрдистанда Бабан эмирлери Осман империясына каршы бир нече ири көтөрүлүшкө чыгышкан. 1806 жылдан 1818 жылга чейин Абдурахман пашанын жетекчилиги менен чыгышкан. 1844 жылы көтөрүлүштүн башында Ахмед-паша турган.
1847 жылы Багдад ээси Неджиб-паша Коянын жанында Ахмед-пашанын таш-талканын чыгарып, 1850-жыл Осман империясы өзүнө кошуп алган. Азыркы учурда Түштүк – Чыгыш Күрдистанда көп сандаган бабандын тукумдары жашап жатат.
Бабан эмиратынын Бабановго тиешеси барбы жокпу ким билет, бирок Бабан эмираты болгону чындык. Ал эми кыргыз тилинде «Бабан» деген сөз жок, “баба” деген сөздүн бабанга тиешеси жок.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»