www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекет башчынын жасаган кадамдарынын жыйынтыгында өлкөдө жаңы саясий маданият калыптана баштаганы байкалууда. Мунун бир фактысын Мамкаттоодогу талаштуу жагдайдан улам ишинен четтеген УКМК жетекчисинин жүрүшүнөн ачык көрсөк болот. Идрис Кадыркулов айрым кызматка тырышкандардын катарын толуктабай, чечкиндүү кадам жасады. УКМКнын жетекчисин ажо дайындаган соң ал жетекчиге байланышкан жаман, жакшы сөздөрдүн баары өлкө башчысына кандайдыр бир деңгээлде тиешелүү болуп келгени жашыруун эмес.

Мындан улам Кадыркулов Президентти жаманатты кылбай, куру бекер көө жап пай, чечкиндүүлүк менен кетип калганынын коом жакшы кабыл алды. Бул чоң саясий маданият. Экинчиси, Мамкаттоонун мурдагы жетекчиси Алина Шаикова калп айттыбы, чын айттыбы, аны тергөө аныктайт. Канткен күндө дагы ал коркпостон өз пикирин билдирди. Демек, өлкөдө жаран пикирин ачык билдирүүгө шарт бар. Биздин коомдо мындай шарттын түзүлгөнү чоң жетишкендик.

Айтор, негизин айта турган болсок Президент коррупцияга каршы күрөштө «өзүмдүкү» же «жаттыкы» деп бөлбөй калыстык менен карай турганын көрсөттү. Дегенибиз, ушул жуманын башында кеңешчиси Дастан Догоев коррупция багытындагы иштер боюнча сурак берип чыкты. Мунун баары жаңы маданияттын түптөлүп жатканынан кабар берүүдө. Жумурай журттун ишеними артып, ажобуз: «мен эч кимди аябайм, кылмышы болсо жазалайм» деген сөздөрү сөз боюнча калбай иш менен айкалышып жатканы кубандырууда. Эл дагы колдоого алып, ишенич артып жатканы жашыруун эмес.

Нургазы Айтмырзаев

Булак: "De-facto"

Последние новости