www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
РАЙИМ МАТРАИМОВ ДЕГЕН КИМ?
Жалпыга маалымдоо каражаттарына Райим Матраимовдун экс-президент Алмазбек Атамбаевдин атына жасалган видео кайрылуусу жарыялангандан кийин коомчулукта ар кандай пикирлер айтыла баштады. Чындыгында Райим Матраимов деген ким? Жаманбы-жакшыбы Алмазбек Атамбаев кечээ эле мамлекетти 6 жыл башкарып президент болбоду беле. Анын алдында Райим Матраимов катардагы бир бажы кызматкери эмеспи. Президенттин жетим жүгүрүк өкмөттөрүнүн токтому менен бүгүн кызматка дайындап, эртең алып койсо боло турган, жөнөкөй бир бажычы болчу. Бирок, ошол эле Алмазбек Атамбаевдин бийлиги доорон сүрүп турганда Райим Матраимов Республиканын бажы тармагынын түштүк аймактык башкармалыгын жетектеп, соңунда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бажы кызматында төраганын орун басары болуп турбады беле. Анан, жылкы теппей, жылан чакпай Алмазбек Атамбаев Райим Матраимовду ой-кырынча, негизсиз эле жамандап баштады…
“ОШЕНТКЕН КЫЗ, ОШЕНТПЕГЕН КЫЗДЫН…”
А. Атамбаевдин: “Сооронбай Жээнбековго айттым, Соке досум, таза иштейм десең “Райим миллиондон алыс бол дедим…”- дегенин кандай түшүнүүгө болот? А. Атамбаев өзү Райим Матраимовду кызматка коюп, чогуу иштеп, ал эле эмес, Райимдин апасынын колунан чай ичип жүргөнү ачыка чыгып жатпайбы. Демек, мындан А. Атамбаев тарабынан болгон жеке кызганычты байкоого болот. Сооронбай Жээнбеков президент болуп келгенде Райим Матраимовду Сапар Исаковдун колу менен түбөлүк Эл башы болууну эңсеген А. Атамбаев кызматтан мыйзамсыз алдырып салганын бүгүн ошол А. Атамбаевдин доорунан бери келаткан соттор өз чечимдери менен далилдеп берип жатышпайбы. Райим Матраимовду мыйзамсыз кызматтан алууга эки аялдын чатагы, тактап айтканда Алмазбек Атамбаевдин кызы менен Райим Матраимовдун кайнежесинин авто унаа токтотуучу жайды талашып урушканы себеп болгону буга чейин эл оозунда жөн гана айтылып жүргөн болсо, Р. Матраимовдун кайрылуусунан кийин ошол сөздүн чындыгы ачыкка чыкты.
“КАНДУУ ЖҮКТҮН” ЭЭСИ КИМ?
Райим Матраимов эмнеден улам А. Атамбаевге азуусун көрсөтүүгө аргасыз болду? Аны А. Атамбаевдин “суу ичкен кудугуна түкүргөн” жагымсыз жооругу мажбур кылды десек болобу? Албетте, Райим Матраимовдун: “сенин мыйзамсыз иш аракеттериң боюнча жетиштүү фактылар менде да бар, сени менен күрөшүүгө кудуретим да жетиштүү”- деген таризде айткан сөзүн, «Сыйың бүттү Алмазбек Шаршенович, чыдоонун да чеги болот, эми өзүңөн көр» – деп түшүнүүгө болот. 2017-жылы 16-январдын таңында «Манас» аба майданынан Дача –СУга кулап түшкөн самолёттун ийне-жибине чейин иликтеп, териштирип чыгууга да бажы кызматынын түздөн-түз мүмкүнчүлүгү бар экенин эстен чыгарбашыбыз керек. Буга чейин эл оозунда айтылып келген “Кандуу жүктүн” ээси ким экенин, ал жүк Түрк авиа каттамы аркылуу Кытайдан Кыргызстанга канча жолу ташылып келип, канчанчы жолкусунда кырсыкка учураганын, канча жолу бажы кызматы тарабынан катталбай, «Манас» аэропортунан түз эле “Фуралар” менен Бишкектин үлкөн соода борборлорунун кампаларына ташылып киргизилгени жөнүндө да маалыматтар калкып чыгышы алыс эмес өңдөнүп калды.
ПРЕЗИДЕНТТИН КЫЗЫ ЧАЧТАШЫП…
Ал эми Райим Матраимов менен Алмазбек Атамбаевди салыштырып кароого таптакыр мүмкүн эмес. Анткени, Алмазбек Атамбаев өзү айткандай 2 жолу Кыргызстанда революция жасап, биринде премьер-министр, экинчисинде 86 адамдын каны менен Президент болгон киши. Аны Россиянын Президенти В, В. Путинди күбө кылып туруп айтканын коомчулук азырынча унута элек. Учурда үчүнчү революцияны жасоону эңсеп отурганы да эл оозунда айтылып жүрөт. Бүгүнкү кыйроо абалына келген мамлекеттик түзүлүштү түптөп, баардык тармакты коррупциянын сазына тыгып, өзү суудан кургак чыгууну көздөгөн нашүкүр пенде. А. Батукаевди бошотуп, анын кареги менен тең айланган К. Кулматов, С. Исаков, А. Ибраимов өңдөнгөн жан-жөөкөрлөрүн түрмөгө отургузган сот системасын түптөгөн Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев болду. Анын 6 жылдык башкаруусунда мамлекет кекиртегинен карызга батып, мамлекеттик бийлик жөнөкөй элдин арасында толугу менен ишеничин жоготкон. Эми ал ишеничти кайтарып алып келүүгө өтө чоң эмгек талап кылынат. Атамбаев башкарган 6 жылда билим берүү тармагы толугу менен кыйроого учурады. Укук коргоо органдарына карапайым эл түп-орду менен ишенбей калды. Экономика ууру чөнтөккө, өзү башында турган бир ууч коррупционерлердин май-талкан, мамык жайына айланды. Эл дээрлик бай-кедей деген эки ажырымга бөлүндү. Мыйзамдар бей-бечаралар үчүн гана үстөмдүгүн көрсөтүп калды. Президенттин кызы чоң шаардын чок ортосунда жерге батпай орун талашып, чачташып, сабашканга жетишти. Бычакка сап болчу улан-кыздарды четинен каматып, куугунтукка алып, кордук көрсөттү. А. Атамбаев Кыргызстанда эле эмес, өз айылы болгон Арашанда да кадырын жоготуп, калың журттун каргышына калды. Жумушсуздуктан ишке жарамдуу улан-кыздарыбыз дүйнө кезип тентип кетти. Чек-аралар такталбай, жакынкы коңушу мамлекеттердин дээрлик баардыгы менен карым-катнаш үзгүлтүккө учурады. Бир сөз менен айтканда мамлекеттик түзүлүштү кыйроого учуратты…
КӨЗГӨ СҮРТЧҮ ДАРЫДАЙ…
Райим Матраимов катардагы бажы кызматкеринен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгына чейин эмгектенди. Өзү туулуп өскөн Ош облусунун Кара-Суу районунда зор кадыр-баркка ээ болду. Ал эле эмес, жалпы Кыргызстанга аты чыкты. Жардамга муктаж жарандарга кайрымдуулук колун сунуп, оорулуулардын даарылануусуна колдоо көрсөттү. Өзүнүн районуна Борбордук Азия мамлекеттеринде сейрек кездешүүчү мечит, медреселерди курдуруп берди. Жаңы мектептерди куруп, жакшы окуган жүздөгөн окуучуларга, студенттерге ай сайын төлөнүүчү стипендияларды чегерди. Чет мамлекеттерден сапаттуу билим алуу үчүн студенттерди жогорку окуу жайларга окутуп, келечекте Кыргызстанда мыкты кадрларды өстүрүүгө колдоо көрсөтүп келет. Спортко жогорку деңгээлде көңүл буруп, чакан спорт аянтчаларынан баштап, мыкты спорт залдарды, стадиондорду куруп, чоң байгелерди сайып, эл аралык спорттук беттешүүлөрдү өткөрүп келүүдө. Адеп-ахлактуулукка үндөп, жыл сайын көптөгөн адамдарды акысыз ажылык сапарына жиберип жатат. Мына бул эки адамдын кимиси коомго пайдалуу? Аны зирек окурман өзү талдап алаар. Кыскасы, бир сөз менен айтканда Райим Матраимовду өзү туулуп өскөн Кара-Суу районунун эли көзгө сүртчү дарыдай жакшы көрөрү талашсыз. Ал эми Алмазбек Атамбаевге кезигип калса бетине түкүрчүүлөр четтен чыгат…
Бакай Абдылдаев, "Жаңы ОРДО"