www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эрнис Кыязов: "Маңкурт"

... кыргыз тил күнү өтүп бүтөөрү менен жергиликтүү орус сайттарында, Орусия аймагындагы империалисттик чоорду чое тартып келаткан медиа булактарда “..кыргыз тили эл аралык алкакта б..кко жарабаган тил,.. тыңыраак адам болууну кааласа кыргыздар орусча түзүктөп сүйлөгөндү үйрөнүшү керек..” деген өңүттөгү үгүтациялык малакайды, башыбызга ого бетер баса-баса ныгырып кийгизди. Кыргыздардын түшүнүгүндө өлкө келечеги үчүн орус тил гана эмес, орустардын мааниси өтө-өтө жогору көкөлөп, аң-сезимге мөөр болуп басылды. “...булар бизге газ, нефти берип атпайбы, мигранттарыбызга иш берип атпайбы, өлкөбүзгө кредит берип атпайбы, аскер базасы менен бизди коргойм деп атпайбы..”-деген сыяктуу кожоюнга дайыма табынып турган кулмүнөз ой жоруу - кадыресе эле топуктукка, шүгүрчүлүккө айланды. Ою таза, дили таза, жүрөгү мекеним деп соккон кайсы бир айылдык азамат кокус орус тилин тыңыраак билбесе спикер да, депутат да, министр да болбой эле койсун..-деген стандарт өөрчүп, кур намыстык комплексти пайда кылды. Орусча окуй албагандар, орусча сүйлөй албагандар дөлдүрөгөн дөдөйлөр, “колхоздор” катары сыпатталып, орус тили – жетишкендиктин, тыңдыктын, интеллектуалдуулуктун, өнүгүп бараткандыктын үлгүсү катары тайраңбай тепти да калды.

Достоевский, Чехов, Пушкин, Лермонтов, Толстой, Есенин сыяктуу руханий чалкыган океаны бар Орусияны жандоодон Кыргызстандын утаары көп албетте. Бирок, азыркы совоктук, империалисттик,авторитардык, олигархиялык Орусиянын бийлиги эңкейсе эңкейген, тоңкойсо тоңкойгон машке күчүгү бойдон калып жатканыбыз аябай өкүнүчтүү. Кемшейген чоңдорубуздун кемчонтойлугунун айынан ЕврАзЭСине чүлүктөнүп, ГазПромуна үзүлгүс кылып байланып, чек арада ызы-чуу болсо эле Кант авиабазасындагы орус учактарына кылчак карап, Быжы биримдигиндеги бышпаган чалагайым абалыбызга деле кайыл болуп, “орусчалашууну токтотуп кыргызча сүйлөбөйлүбү” деген кыргызды жеп ийчүдөй карап, Путин чокусуна күшүлдөп-бышылдап чыгып барып а кишинин кол саатын сурап, кыскасы ушунтип Орусиянын алкоосунан, мактоосунан үмүт этип ар кайсы “чокуларды” чокулап жүрөбүз. Баш ийбеген олигархтарынын баарын камачусун камап, кубалачусун алыс кубалап, өлтүргөнүн өлтүрүп, күн карама олигархтардын баарын бир кончко тыгып, алардын каржы ресурсун керектүү учурларда, шайлоолордо шайма шай пайдаланып; “өөй туура эмес кетип атасыңар” деп үн каткан Немцов деген оппозициялык тентегин аттырып, Навальный деген чуулуу активистти мамлекеттик медиа менен шылдыңдап, “клоун” кылып сыпаттаган “совоктук” Орусияга түздөнгөнүбүз түздөнгөн. Айтматовдун чыгармасындагы “маңкурттун” образын мен өзгөчө баалайм.

Жазуучунун ошол чыгармасы Маскөөнүн цензуралык мешине бууланып чыккан чакта деле, тээ тереңинде билинбеген “ач кыйкырыгы”, “ойгонбойлубу, өөй кыргыздар!” деген протесттик сезими, улуттун өзүн, улуттук наркын уруп ойнобогон системага тымызын нааразылыгы сезилип тургансыйт... Айтматовдун ошол манкуртун ойлогон сайын, жунгарлар башына ашатылган тери кийгизип, улутун, тилин, дилин, мекенин унуттуруп, а түгүл өз энесин жаа менен атып өлтүрүп,... жээрге тамак, киерге кийим, иштээрге жумуш берип аткан кожоюндарды, жунгарларды ПИР туткан бир бечара, кулмүнөз шордуу көзүмө тартылып туруп алат...

Эрнис Кыязов, тележурналист

Булак: NazarNews.kg

Последние новости