www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
(Миллионер Каныбек Туманбаевге!)
Кээде айрым курч материалдарды гезитке чыгарсаң чычалап кетишип, «кара пиар, шыбап атат» деген сыяктуу кептерди агытып калышат.
Андыктан, маалымат майданындагы башка ыкманы колдонуп, суроо берүү менен жумшак формага өтүүгө туура келет. Бу саам коомчулукка анчейин белгисиз, бирок миллионер катары Кыргызстандагы байлардын катарына кирип калган Каныбек Туманбаевге собол ыргытып, жообун алууга аракет кылмакчыбыз.
--Каныбек мырза, сиз 2012-жылы үйлөнүп, айтылуу шопур Икрам Илмияновду өкүл ата кылуу менен ооматка жетип, бизнестеги чыйырыңызды баштадыңыз беле?
--2012-жылга чейин Аксынын РЭСинде контролёр болуп жүрүп эле кыска аралыкта кантип миллионерге айландыңыз?
--Айтмакчы, Илмияновдун байлыктары сизге катталганы ыраспы? Аны менен азыр мамилеңиз кандай? Түрмөгө тамакташып турасызбы?
--2020-жылкы парламенттик шайлоого "Замандаш" партиясы менен аттанууга даярданып, 1,5 миллион долларды штабга которуп койдуңузбу?
--Тарапташтарыңызды ынандыруу үчүн көбүртүп-жабыртып, «Замандаш» партиясынын экинчи тизмеси менен Асылбек Жээнбеков, төртүнчү орунда Иса Өмүркулов, мен болсо бешинчи орунда баратам» деп мактанып жүрөсүзбү?
-Асылбек Жээнбековду өкүл ата кылууну пландап атасызбы? Бул тууралуу "АЗИЯnews" гезити жазып чыкты.
Булак: NazarNews.kg