www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Педагогика менен кыргыз эли канатташ, алгачкы президент Аскар Акаев президент боло электе политехте голографиядан дарс окуса, дагы бир президент Роза Отунбаева ал кездеги жападан -жалгыз университетте философиядан дарс окуган. Белгилүү саясатчы Өмүрбек Текебаев физика мугалими катары окуучуларды пахтага чыгаруудан баш тартып, советтик режим менен кайым айтышып жүрүп депутат болгон. Мектеп көйгөйү мамлекеттик деңгээлдеги чоң маселелердин бири. Учурда миллиондогон жаш жеткинчектерди жүз миңдеген агай-эжелерибиз каны-жаны менен татыктуу билим берүүгө күчүн жумшап жатат. Бул деген алты миллион калкы бар чакан Кыргызстан үчүн зор Армия сыяктуу. Сооронбай Жээнбеков, мурдагы орус тил мугалими катары мугалимдердин маселелерин “коен жатагына” чейин билерин, мугалимдердин эмгегин баалагандан улам билинди.
Байыркы доорлордо кыргыздар сабатсыз болсо да, көкүрөгү кенен болгон
Байыркы доорлордон бери келаткан кыргыз элинде сабаттуулукка тегиз умтулуу акыркы кылымдарда башталган. Бирок, көкүрөгү кенен кыргыз элинин арасында асманда болгон кубулуштарды аңдап билген Эсенбай эсепчи тууралуу тубаса сабаттуу адамдар чыккан. Официалдуу Орусия империясынын курамына 1863-жылы кошулган деп айтылат. Орусия империясы кыргыз элинин сабаттуулугун ачууга кызыкдар деле эмес болгон. Ошондуктан белгилүү саясатчы Медет Садыркуловдун таяталары Дүр сыяктуу колунда бар бай-манаптар гана өз сабаттуулугун ача албаса, көпчүлүк эл сабатсыз болуп келишкен. Азыр деле дүйнөдөгү экономикасы өнүккөн мамлекеттерди экономика тарабынан “сындырып”, алдыга чыгып келаткан, миллиарддан ашкан Кытай сыяктуу мамлекетте, жана да көптөгөн дүйнөдөгү мамлекетте сабаты ачылбагандардын саны көп. Кыргыз Республикасы бюджетинин тартыштыгына карабай билим берүү тармагына жакшы көңүл буруп келаткан мамлекет.
СССР убагында кыргыздар тегиз сабатсыздыгын жойгон
Сооронбай Жээнбеков, мурдагы мугалим экенин билишкен жана айлыктары көтөрүлгөн агай-эжейлердин кубанычына чек жок. СССР мамлекетин жетектеген, КПСС БКнын “Генеральный секретары” мугалим Черненко Константин Устиновичтен кийин мугалимдин мамлекетти башкарууга келгени үмүттү чоң жандырат. Канткен күндө да ушул заманда мектеп тармагындагы көйгөйлүү маселени терең биле турган адам мамлекет башына келсе деген учкай тилек агай-эжейлердин жүрөгүндө орун алган.
СССР мамлекети оор шарттарга карабастан түзүлгөн күндөн баштап сабаттуулукту жоюу үчүн “ликбездерди “ уюштурган. Элди тегиз сабатсыздыгын жоюуга жетишкен. Улуу Ата Мекендик согушка чейин эле кыргыз ариби араб алфавитинен латынга, кийин латын алфавитинен орус алфавитине өткөн. Ушундай оор кырдаалдарда кыргыз эли үч ирет сабатсыздыгын жоюуга дуушар болгон. Улуу согуш убагында да мугалимдерге көңүл бөлүү өзгөчө болгон. Окуучуларга билим берүү үчүн брондолуп мугалимдер согуштан калтырылган, ар бир мугалимге айлыгынан тышкары тамак-аш азыктары берилген. Электр жеткен жерлерде электрэнергиясы бекер болгон, үйүн жылытып алыш үчүн отун берген. Мамлекет “Ардактуу кесиптин” ээлери мугалимдерди көкөлөтүп, башынан сылап багып келген. Черненко мамлекет башына келген соң 1984-жылы мектепти реформалоо боюнча чоң программалар кабыл алынган. Бул реформа аягына чыкпай СССР мамлекети жок болду.
Мугалимдерди көңүлдүн сыртында калтыруу доору
Мамлекеттен көмөк алмайынча мугалимдердин көйгөйү чечилбей турганын билет. Анткени СССРдин жок болушу менен эң биринчи сокку мугалимдерге тийди. Аскар Акаев билим берүүнү реформалайм деген шылтоо менен мектепти канат-бутагын өзү каалагандай кескиледи. Мугалимдер мурункудай мамлекет тарабынан тике жардам алган жеңилдиктеринен бүт ажырады. Агай-эжейлердин көбү мектепте сабак берүүсүн таштап, ар кайсы жумуштарга ооп өтүп кете баштады. Азыркы учурда мектептерде эмгек акы жогорулап калганы сүйүндүрөт, Акаевдин заманында мектепте болгон кружок, сырттан окуу, факультативдик сабактар жоюлду. Акча тартыш болсо эле мектепке асылып жатышып, сабактар кыскарды. Ремонтко бөлүнгөн акча кыскарып, мектеп элдин капчыгын аңдыган мекемеге айланып калды. Мугалимдердин эмгек акысы эң төмөнкү деңгээлге жетти. Электрэнергияга, отунга болгон жеңилдиктер алынып салынды.
Интернеттин келиши менен мектепти туташ компьютештирүү учуру башталды
Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдын апрелинде парламент жыйынында элге кайрылып жатып, быйыл күзүндө мугалимдердин аэмгек акысы көтөрүлөт деген убадасына турду. Билим берүүнүн эталону болгон мугалимдерге көңүл буруу башталды. Кыргыз Республикасы бюджетинин тартыштыгына карабай билим берүү тармагына жакшы көңүл буруп келаткандардын катарына кирди. Биздин мамлекеттин негизин элет жери түзөт, тоолуу райондордун көпчүлүгүндө мамлекеттик бюджеттин жарымынан көбү билим берүү тармагына бөлүнөт. Деги эле мамлекеттик бюджетибизде жаштарга билим берип тарбиялоо үчүн эбегейсиз акча каражаттары жумшалат. Акаевдик бийлик билим берүүгө көп каражат бөлүнөрүн билип мугалимдердин эмгек акысын көтөрбөй бир орунда кармап келаткан. Учурда башкысы көп жылдардан бери “тоңуп” калган агай-эжейлердин айлык акысын көтөрүү жибип, алдыга жылды. Айлык акысы жогорулаган соң мектепке жаштардын агымы күчөйт. Интернеттин келиши менен мектепти туташ компьютештирүү учуру башталды. Албетте, билим берүү тармагы өзгөчө орунду ээлейт. Билими жок адам кантип интернет түйүндөрүндө машыга алсын. Быйылкы жаңы окуу жылында англис тилине басым жасоо үчүн каралган сааттар көбөйдү. Ошону менен бирге мектеп окуучуларын компьютештирүүгө багыттоо да азыр жакшы жолго коюлду.
Мугалимдер эмне үчүн Жээнбековдун таламын талашпасын?
Сооронбай Жээнбеков мугалимдердин таламын талашып жатса, мугалимдер эмне үчүн Жээнбековдун таламын талашпасын? Жээнбековду таламын талашуу демократиялуу мамлекетте өз кызматынын өтөлгөсүнө чыгуу. Сооронбай Жээнбеков, мурдагы мугалим катары мамлекеттен жардам алмайынча окутуучунун маянасына турак жай сатып алуу кыйын тураарын билет. Ошондуктан, ал бюджеттегилерге 2023-жылга чейин 1 млн м2 турак жай куруу маселесин алдыга койгон. Максаты – бир жылда 3000 бюджеттиктер жаӊы конуштун ээлери болот. Сооронбай Жээнбековдун мамлекеттик ыкмасы бюджеттик чөйрөдөгүлөрдү жөн гана турак жай менен камсыз кылуу эмес, турак жайдын сапаттуу салынышынын бардык эрежелерин сактоо менен, социалдык инфраструктурасы каралышын көзөмөлгө алат.
Сооронбай Жээнбековдун мугалимдердин айлыгын көтөргөнү өсүп келе жаткан мугалимдердин абройун дагы көтөрөт деген ойдомун. Мугалимди эстегенде мектеп курагың эске түшөт. Мектептин босогосун аттап, билим кенчин казып, жетилүү аттестатын алгычакты экинчи ата-энебизге айланган сыймыктуу мугалимдер мектеп окуучулары менен. Ар бир адам бул тепкичтен өтөт, «Мугалим-акыл-эстин устаты» -дейт, келе жаткан кесиптик майрамыңыздар менен!!
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg