www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Москванын Басман соту Орусиянын "Аэрофлот" компаниясынын башкы директорунун орун басары Владимир Александровду камакка алуу чечимин чыгарды. Ал ири алдамчылыкка, тактап айтканда, авиакомпаниядан 250 миллион рубль кымырып алган деп айыпталууда. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Владимир Александровдон башка да "Аэрофлот" компаниясынын юридикалык департаментинин мурунку директору Татьяна Давыдовага жана юридикалык компаниянын жактоочуларына айып тагылган.
Тергөөнүн версиясы боюнча, Александров "Аэрофлот" компаниясына кызмат көрсөтүү үчүн сырттан адвокаттарды жалдаган, бирок, ал иштерди "Аэрофлоттун" эле юристтери аткарган. Адвокаттарды тартуудагы келишимде, аларга төлөп берүү саатына 350 еврону түзгөн.
Булак: NazarNews.kg