www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү Россия Федерациясынын аймагында Кыргыз Республикасынын жаранынын жасалма документтерин колдонгон фактыларды аныктоо жана ага бөгөт коюу максатында Россиянын ИИМдин аймактык бөлүмдөрү менен биргеликте ар убак кызматташышууда.
2019-жылдын сентябрында Өкүлчүлүктүн аракети менен Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун жана айдоочулук күбөлүгүн колдонгон фактылар аныкталган.
Жасалма документтерди колдонгон жарандар Россиянын аймагында жүрүүнү жеңилдетүү жана эмгектенүү максатында такталбаган жактар менен келишим акыга сүйлөшүшүп, алар болсо Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорту менен айдоочулук күбөлүк даярдап беришкен. Жасалма документтерди мыйзамсыз алгандан кийин алар жүргүнчүлөрдү ташып, эмгектенип жүрүшкөн.
- Ош облусунун 1988-жылы туулган Т.У. аттуу тургуну убактысы өтүп кеткен (ID-card) паспорт менен маалыматы жок айдоочулук күбөлүктү колдонуп жүргөн;
- Ош облусунун 1997-жылы туулган С.А. аттуу тургуну башка жаранга тиешелүү ПИН номурлуу айдоочулук күбөлүктү колдонуп жүргөн;
- Талас облусунун 1989-жылы туулган Р.Б. аттуу жана Жалал-Абад облусунун 1996-жылы туулган Б.С. аттуу тургундары убактысы узартылган жасалма айдоочулук күбөлүктөрдү колдонуп жүрүшкөн.
-Ысык-Көл облусунун 1996-жылы туулган А.С. аттуу тургуну маалыматы жок айдоочулук күбөлүктү колдонуп жүргөндүгү аныкталган.
Жогорудагы фактылар боюнча Россиянын ИИМдин аймактык бөлүмдөрү тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалып, жасалма документтерди колдонгондордун иш-аракетинде Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренесинин 3-бөлүмүндө көрсөтүлгөн (Жасалма документтерди колдонуу) кылмыш белгилери аныкталган.
Азыркы учурда жогорудагы кылмыш иштерине тиешеси бар башка жактарды дагы аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө жана тергөө амалдары жүрүүдө.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү жарандарга башка өлкөлөрдүн мыйзамдарын бузбай, документтерге, авиабилеттерге байланышкан мыйзамсыз кызматтарын көрсөткөн алдамчылардан жана ортомчулардан алыс болууга чакырат. Андан сырткары, көрсөткөн кызматтары жасалма болуп калбаш үчүн кассалык чектерди берүүлөрүн талап кылыңыздар.
Жогорудагыдай кызмат көрсөтүүлөргө баруу менен, жасалма документтерди колдонгон жарандар өздөрү кылмышка барып жатышкандыгын түшүнүшпөйт. Мыйзамды билбегендик кылмыш жоопкерчилигинен бошотпойт, деп билдирди ИИМдин Басма сөз кызматы.
Булак: NazarNews.kg