www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊештин 15-майда өткөн жыйынында бир катар депутаттар мамлекеттик «Кыргыз телеком» компаниясына караштуу «КТ Мобайл» компаниясынын ишин иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүү демилгесин көтөргөн. Ошондон улам, КСДП жана «Өнүгүү – Прогресс» парламенттик фракцияларынын чечимдеринин негизинде депутаттык комиссия түзүлдү. Ал бир ай ичинде депутаттарды өзүнүн иликтөө жыйынтыгы менен тааныштырууга тийиш.

Депутаттык комиссиянын курамына КСДП фракциясынан Акаев Жанарбек, Жураев Сайдолимжан, Осмонова Айнура, Кулбараков Абтандил, «Республика – Ата-Журт» фракциясынан Маматалиев Марлен, Зулушев Курманкул, Жеенчороев Мирлан, «Кыргызстан» фракциясынан Баатырбеков Алмаз, Масабиров Таалайбек, «Өнүгүү – Прогресс» фракциясынан Асылбаева Гүлшат, Жамалдинов Зиядин, «Бир Бол» фракциясынан Жапаров Акылбек, «Ата Мекен» фракциясынан Шыкмаматов Алмамбет кирди.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Булак: NazarNews.kg

Последние новости