www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

15-май Кыргыз Республикасынын ИИМдин кызмат учурунда каза болгон кызматкерлерди эскерүү күнү болуп саналат. Бүгүнкү күндө, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин кызматынан жарандардын коопсуздугу жана тынч жашоосу көз каранды.

Тагыраак айтканда, Кыргыз Республикасынын ИИМдин МАККББнын түзүм бөлүмдөрүнүн өздүк курамы мамлекеттик жана менчик ээлеринин мүлкүн, ошондой эле стратегиялык маанидеги мекеме-чарбаларды кайтаруудан тышкары, кылмыштардын бетин ачууга да катышат. Ички иштер органдарында кызмат өтөө – бул аябай татаал, бирок жарандарга жана коомго керектүү, эрктүүлүктү, жоопкерликти, чыдамдуулукту, ошондой эле физикалык даярдыкты талап кылуучу кызмат, анткени кызматкерлердин кызматынын баасы - жарандардын өмүрү болуп эсептелет.

Мындан тышкары, милицияда кызмат өтөө кызматкерлерден эң жакшы делген: ак-ниеттүүлүк, ар-намыстык, жарандарга дайыма жардам берүүгө даяр болгон сапаттарын талап кылат. Кыргыз Республикасынын ИИОнун тарыхында кызматкерлердин жогорку кесиптүүлүгүн, баатырлыгын көрсөткөн учурлары саналгыз. Милиция кызматкеринин, коомдук коопсуздукту жана жарандардын укугун коргоо кесиби салттуу түрдө эң коопту болуп саналат. Күн сайын кылмыштуулук менен күрөшүүдө милиция кызматкери, өзүнүн өмүрүнө коркунуч келтирет, тилекке каршы ошол учурларда кызматкерлер каза болгон учурлар да кездешет....

Жыл сайын, Кыргыз Республикасынын ИИОнун кызмат учурунда каза болгон кызматкерлерин жаркын элесине арналган эскерүү күнү уюштурулуп, аны менен бирге Кыргыз Республикасынын ИИМдин МАККББнын түзүм бөлүмдөрүндө ар кандай деңгээлде иш-чаралар өткөрүлөт. Быйыл, жогоруда аталган иш-чаранын алкагында 2019-жылдын 15-май күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин МАККББнын түзүм бөлүмдөрү арасында Бишкек шаардык Биринчимай райондук күзөт бөлүмүнүн милиционери милициянын старшинасы Алтынбек Абдылдаевдин жаркын элесине арналган волейбол боюнча спорттук мелдеш уюштурулду, андан сырткары анын бир туугандарына материалдык жардам көрсөтүлдү.

ИИМдин МАККББнын Басма сөз кызматы

Булак: NazarNews.kg

Последние новости